Улуу Британиянын Деңиз соода уюму (UKMTO) Перс булуңундагы коммерциялык кемелерге жасалган чабуулдардын рекорддук санын каттады. Акыркы жети күндө 12 кеме чабуулга кабылган. Бул АКШ менен Израилдин Иранга каршы жаңжалы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.
16-октябрда жарыяланган отчетко ылайык, окуялардын 10у Ормуз кысыгында, бири Перс булуңунда жана дагы бири Оман булуңунда болгон.
Чабуулга кабылган 12 кеменин алтоо гана сапарын улантууга же портко жетүүгө жетишкен. Эң оор кесепеттер 13-октябрда GFS Pride контейнер ташуучу кемесине жасалган соккудан кийин катталган. Алган зыяндарынан улам кеме эртеси күнү чөгүп кеткен. Анын 21 экипаж мүчөсү эвакуацияланып, куткарылган.
Дагы бир олуттуу окуя 11-октябрда Petro Dolphin мунай ташуучу танкеринде болгон. Учкучсуз учуучу аппараттын чабуулунан кийин кемеде өрт чыккан.
Ошол эле учурда UKMTO уюму чабуулдардын чыныгы санын аныктоо кыйын болуп жатканын белгиледи. Себеби, кол салууга кабылган кемелердин экипаждарынын көпчүлүгү окуялар тууралуу билдирүүдөн баш тартышат. Башка булактардан алынган маалыматтарды да дайыма эле тастыктоо мүмкүн эмес.
Отчетко ылайык, Ормуз кысыгы аркылуу эки багытта тең өткөн кемелердин жалпы саны согушка чейинки көрсөткүчтөргө салыштырмалуу болжол менен 70%га аз бойдон калууда.
Аталган уюм аймак аркылуу өтүп жаткан кемелер үчүн эскертүүлөрдү жарыялоону улантууда. Ошондой эле кеме капитандарын коопсуздук чараларын күчөтүүгө, шектүү аракеттер тууралуу кабарлоого жана деңиздеги координациялык кызматтар менен туруктуу байланышта болууга чакырууда.
Бул окуялардан улам Жакынкы Чыгыштан мунай экспорту кайрадан кыскарды.
Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматына ылайык, 13-октябрда Ормуз кысыгы аркылуу суткасына болжол менен 12,6 млн баррель мунай өткөн. Ал эми сентябрдын аягында бул көрсөткүч 15 млн баррелди түзгөн.
Жаңжал башталганга чейин мунай жеткирүүнүн көлөмү суткасына болжол менен 17 млн баррелге жеткен.

















