Иран Тегеран менен Вашингтондун ортосунда согуштук аракеттер кайрадан башталган учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн АКШны колдоодон баш тартууну талап кылган ультиматум тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.
Бул тууралуу Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Феда-Хосейн Малекки агенттикке билдирген.
«Аймактагы өлкөлөргө АКШга көрсөтүлүүчү ар кандай колдоодон баш тартуу талабы менен ультиматум берилди. 40 күндүк согуш учурунда (Иранда 2026-жылдын февраль-март айларында АКШнын Ислам Республикасына каршы жүргүзгөн аскердик аракеттери ушундай аталат — ред.) биз АКШ Иранга кол салуу үчүн пайдаланган бардык өлкөлөрдүн аймагындагы аскердик базаларга сокку урганбыз», — деди Малекки.
Мындан тышкары, ал Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аракеттерине байкоо салып жатканын жана америкалык армия Ислам Республикасына каршы аскердик аракеттерди кайра баштаса, жооп кайтаруунун жаңы тактикасын колдонууга даяр экенин билдирди.
«Аскердик жагына келсек, биз америкалыктардын аймактагы жана Ормуз кысыгынын айланасындагы аракеттерине көз салып жатабыз. Биз каршы тарапка (АКШга — ред.) эгер алар кайрадан согуш баштоону кааласа, Иран согушка жаңы ыкмалар менен кирерин билдирдик. Бул операцияларды жүргүзүү ыкмаларын да, тактикалык мамилелерди өзгөртүүнү жана жаңы каражаттарды колдонууну да камтыйт», — деп түшүндүрдү Малекки.
Анын айтымында, жаңы тактикалык ыкмалар дүйнөнү жана аскердик эксперттерди таң калтырышы мүмкүн. Ал Иран буга чейин өзүнүн ракеталык мүмкүнчүлүктөрү менен дүйнөнү таң калтырганын белгиледи.
Буга чейин NBC News телеканалы маалымат булактарына таянып, АКШ Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик жана дипломатиялык кызматкерлерин акырындык менен эвакуациялап жатканын билдирген. Бул жагдай февраль айында Иран менен жаңжал башталган учурдагы кырдаалды эске салат.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Буга жооп катары Иран да сокку урууларды жүргүзгөн.
Июндун ортосунда Тегеран менен Вашингтон согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Бирок кийинчерээк тараптар кайрадан бири-бирине сокку урушкан.
Учурда жаңжал толук жөнгө салына элек.


















