2024-жылы Өзгөн шаарын айланып өткөн жол салына турган болууда. Бул долбоор ишке ашса, жарандар көп түйшүктөн арылып, өлкө экономикалык өнүгүүгө багыт алмак дешет адистер. Анткени Ош-Бишкек жолунун тоомундагы Өзгөн шаарын аралап өтчү жолдо айдоочулар эле эмес, жакын арадагы райондор менен айылдардан соода-сатыкка келген тургундар көптөгөн көйгөйлөрдөн кутулмак.
Негизги эле маселе – ал жердеги автотыгын. Элдин колундагы автоунаалардын көптүгү жакшы болгону менен ары-бери каттоодогу шарттын жоктугу, т.а. жолдун тардыгы, инфратүзүмдөрдүн начарлыгы – жогоруда айткан маселелер менен ыңгайсыздыктарды жарата берет.
Жол, көпүрө салууга старт берилди
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров 20-декабрда, “Өзгөн шаарынын айланасында айланма автожол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда Ош-Бишкек атвожолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгүнөн, айланма жол куруу зарылдыгы келип чыкканы белгиленет.
Аталган жарлыкта – Инвестиция агенттигине жол куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тез арада даярдап, Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүү тууралуу жазылган. Ал эми Министрлер Кабинетине 2024-жылдын 30-январына чейин бул маселени чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди.
Кыргызстандагы эң узун көпүрө
Аталган жолдун багыты – Оштон Бишкекти көздөй баратканда: Өзгөн районундагы Кароол айылынан солго бурулуп, Анакызыл айылына туташат. Булардагы бурулуштарга айлампа жол да салынаары пландалууда.
Облустук бийликтин буга чейинки маалыматтарына ылайык, жол 2-категорияда салынып, төрт тилкелүү болгону жатат. Узундугу 13 чакырымдан ашып, 3 көпүрө курулат. Буйруса Кыргызстандагы эң узун көпүрөлөрдүн бири болот. Башкача айтканда, Жазы дарыясына 217 метрге созулган көпүрө салынат.
“Негизи бул иштер эки жылда бүтүш керек болчу, бирок мамлекет башчысынын тапшырмасы менен темпти тездетип, бир жылда бүтүрөбүз деген ойдо турабыз”,-деген облус жетекчиси Эльчибек Джантаев.
Негизинен жумуштар башталды десе болот. Анткени азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Дарыянын оң жээгинен Баш-Дөбө, ал эми сол жээгинен Кароол айыл өкмөтүнүн аймактарында 4 км дамба куруп жатат. Суунун нугун ошол эки дамба менен кыскартып барып, 210-217 метр көпүрө салына турган жерге такап беришет. Буларды айткан Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, азыркы учурда, жергиликтүү бийлик тарабынан долбоордо көрсөтүлгөн жерлерди аныктап, айрымдарын жеке менчикке, айрым жерлери мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондуна өткөрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
Көптөн бери келген көйгөй эле
Өзгөн шаарында чечилбеген көп көйгөй бар. Канализациянын жоктугунан тартып, базарлардын баш-аламан жайгашы менен жолдун тардыгына чейин айтып келишкен. Булардан сырткары, эң негизги көйгөйлөрдүн бири ушул – автоунаа тыгынын жараткан тар көчөсү болчу. Бул тыгын шаар тургундарынын жана ушул жол аркылуу каттаган айдоочулардын көкөйүнө тийген. Ошентип бул маселе чечилүү алдында турат.
Башкача айтканда, Ош-Бишкек жолунун 600-чакырымындагы тилкесин Өзгөн шаарын айланып өтчү жол болуп салынган турат. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган стратегиялык Бишкек-Ош жолунун узундугу 700 чакырымга созулат.
А.Белеков



















