Чүй облусунда 50 гектар жерге Диснейленд куруларын Туризмди колдоо фондунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Туризм фонду жана Чүй райондук администрациясы бул ири долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту. Долбоордун өнөктөшү — АКШнын IdeAttack, Inc. компаниясы.
Аталган компания дүйнө жүзүндө белгилүү Warner Bros. World (Абу-Даби), Changsha Aqua City (Кытай) сыяктуу долбоорлорду түзгөн.
Токмоктогу долбоор:
- Борбор Азиянын жомоктогудай архитектурасы;
- “Манас” эпосуна негизделген аттракциондор;
- Улуу Жибек жолунун кербен жолдорун чагылдырган аймактар;
- Улуттук музыка, бий, театрлаштырылган жомоктор;
- Боз үй жасоо, кийиз өнөрү, ат үстүндө жүрүү жана салттуу ашкананы үйрөнүүчү мастер-класстарды камтыйт.
“Бул парк — кыргызча фэнтези дүйнөсү, туристтердин жана коноктордун көңүлүн алат”, – деп айтылат маалыматта.
Долбоор үчүн Чүйдө 50 гектар жер тилкеси бөлүнүп, эл аралык стандарттарга ылайык даярдалат. Кол коюлган Меморандум — 2024-жылдан бери жүрүп жаткан даярдыктардын жыйынтыгы.
Бул парк өлкөбүздү дүйнөлүк туристтик картага чыгарып, жаңы жумуш орундарын түзүп, маданиятыбызды таанытат.



















