Өзгөн шаарында канализация куруу ишинин алдында, илимпоздор музей комплекстин жанында археологиялык казуу иштерин жүргүзүп жатышат. Анын натыйжасында, Өзгөн мунарасынын жанынан өткөн асфальт жолдун астынан XIX-XX кылымдарга таандык таш жолду таап чыгышты. Анын туурасы 7-8 метр, ал эми узундугу азырынча белгисиз.
Казуу иштеринин жүрүшүндө коло жана күмүш тыйындар, карапанын сыныктары да табылууда. Эми алар экспертизанын жыйынтыгы менен Өзгөн музейине өткөрүлүп берилет. Ал эми азыр казуу иштери уланууда.
Археологиялык илимий казуу иштеринин жыйынтыгы менен ачыкка чыгарылган азыркы табылгаларды ушул бойдон сактап калууга мүмкүнчүлүк болобу же жокпу деген сыяктуу суроолор менен казуу иштерине катышып жаткан Улуттук тарых музейинин рестовратор-археологу Айбек Молдакматовго микрофон сундук.
— Айбек мырза саламатсызбы? Интернеттеги социалдык тармактарда Өзгөн музей комплексинин жанындагы табылган ушул таш жолдун видеолору чыгып, ар кандай маалыматтар менен коштолуп жатат. Мунун негизги өзөгүн түшүндүрүп берсеңиз, кантип ачылып калды жана бул эмне болгон жол экен? Кайсы убакка туура келет?
— Бул жолду ачкандын себеби мындай болду. Биринчи асфальт катмарын алып алган соң, “балык жол” болуп, таштан төшөлгөн жол чыкты. Азыр сиз көрүп тургандай, бул жол чыгыштан батышты көздөй ылдыйлап баратат. Археологиялык казуу иштери башталып, айланасы курчала элек кезде адамдар келип, өз алдынча видеого тартып кетип, ар кандай божомолдуу маалыматтарды берип атышты. Бирок келип, сурагандарга биз түшүндүрүп айтып берип аттык.
Бул жол – XX кылымдын 20-30-жылдарында таандык экенин аныктадык. Эмнеге мындай бүтүмгө келип атабыз? Анткени, ушул жолдун үстүнөн 1-2 тыйын таптык. Анан анын астыңкы катмарынан да “один полтиник” деген тыйын табылды, ал совет дооруна таандык экен. Ушудан улам бул жолдун болжолдуу датасын айтып бере алдык. Көрдүңүзбү, бул табылган жол салына электе ошол тыйын табылып атат. Андыктан XX кылымдын баш жактарында бул жол болгон, биз белгилеген убакытка туура келип атат.
— Эми бул жол болжол менен канча метрге же чакырымга созулушу мүмкүн?
— Жергиликтүү аксакалдардын айтымдарында, 1960-жылдарга чейин бул жол сакталып турган. Анткени алар кичинекей кезинде бул жолдон басып калган экен. Ошолорун айтып беришти. Бул жактан көрүп атсаңыз керек, 70 см.дей катмары ылдый болуп атат. Адамдар келип, муну чөгүп кеткен турбайбы дешет. Жок, бул чөккөн эмес.
— Эми ушунча каржы коротулуп, ушунча эмгек кетип, археологиялык казуу жүргүзүүнүн натыйжасында баалуу маалыматтар чыгып отурат. Эми муну ушундай калыпта сактап калуу пландар барбы же бул көмүлүп, үстүнөн асфальт басылып калабы?
— Биздин негизги максатыбыз азыркы учурга чейин алдын алуу иштерин жүргүзүп, алдыңкы катмарларында эмне бар экенин көрүп алуу максат болгон. Казуу иштери бүткөндөн кийин бул жолду ушундай көрүнүштө сактап калуу үчүн министрлик менен чогуу атайын иштерди алып барганга аракет кылабыз.
Бирок ал канчалык деңгээлде жемишин бере турганын, чынында айта албайбыз. Анткени, бул жактын жергиликтүү бийликтеринен да айтышты, Өзгөн шаарына канализациялык түтүктөр абдан керек, стратегилык маанилүү дешти. Ошол үчүн бул иштерди кандай кылыш керектигин жергиликтүү бийликтер, министрликтер менен кеңешип, иш алып барыш керек. Анан жалпы чечим кабыл алып туруп, сактап калууга мүмкүн. Ооба, бул деле тарыхий мурас болуп атпайбы. 100 жыл мурунку болсо дагы, жергиликтүү тургундардын көбү көргөн эмес.
— Эгер муну сактап калсак, туристтик багытка да жакшы болот беле?
— Ооба да, сөзсүз түрдө жакшы болмок. Сактап калсак, туристтик жайга дагы, бул архитектуралык музей комплексине өткөрүп берип койсок да, анын деңгээли андан да ары өсөт. Анткени азыр туристтер көп келишет. Мисалы 2000-жылдары Дзержинский көчөсүндө ушундай дагы бир көчө ачылып, бирок ал жабылып, көмүлүп калган. Ошондо бул 2-же 3-“балык жон” жол десек болот.
Эми муну көрүп атасыз, жолдун бети түп-түз эмес. Дөңсөө болуп турат. Анткени аны кургандар жаан жааганда суу токтоп калбаш үчүн ушундай кылышкан. Андан сырткары, жолдун эки капталында арыктары да бар экен.
— Негизи сиздер жумушту качан баштагансыздар жана качан аяктайсыздар?
— Бизге так мөөнөт коюлган эмес. Археологиялык иштер өтө кылдаттык менен жүрүп жатат. Ар бирин кол менен аарчып, тазалап иштейбиз. Ошондуктан биздин жумуш качан бүтөөрү тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Болжол менен 2 же 3 ай иштесек керек.
— Адамдар видеого тартып, интернетке такшерилбеген маалыматтарды көп чыгарып ийди окшойт?
— Ооба, азыр тиги Тик-Ток деген социалдык тармагы өтө популярдуу болуп аткан турбайбы. Ошол жактан көрдүк, бул жол VIII-IX кылымга таандык экен го деп көбү келип атышты. Анан биз аларга айтып аттык, андай маалыматтарды биздин жарандар туура эмес тартып, жарыялап атышат деп. А келген жарандарга бул эмне болгон кандай жол, биз эмнеге негиздеп казып атабыз айтып, аларга түшүндүрүп, маалыматтарды берип атабыз.
— Археологиялык ушундай казуу иштери жүргөн жерде адамдар: “Алтын издеп атасыңарбы? Таптыңарбы?”, – деп сурай беришет эле. Силерден да сурап атышабы?
— Ооба, коомчулукту кызыктарган дагы бир суроо ошол “Алтын таптыңарбы?”, – деген суроо экен. Көбү ушуну сураганы келишет. Анан биз да тамашалап айтабыз, “кол кабыш кылып, жардам берсең, алтын тапсак алып кетмексиң”, — деп. Негизи мындай да, алтын – илгери эле баалуу буюм эле да. Анан орто кылымдагы шаарчалардан чын-чынына келгенде алтын табыш өтө кыйын. Анткени алтынды илгери эле алып кетип, катып койгону же тоноп кеткен көрүнүштөр илгери эле болчу.
Биз канчадан бери казып атабыз, Кургандан баштап, орто кылымдагы шаарчаларга чейин. А алтын тапкан учур 100 казуулардын 2 же 3 казууларынан эле табылышы мүмкүн. А бул жерден азырынча алтын тыйындар сыяктуу алтын буюмдар табыла элек. Биз ушул жерде иштеп атып, күмүштөн жана колодон болгон тыйындарды таптык. Анан алтынды таба элекпиз. Мүмкүн таап деле калаарбыз. Аны эч ким билбейт.
— Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Белеков