Быйыл Өзгөн районунда социалдык-экономикалык абал жакшырды. Тактап айтканда, 738 кожолук колу жука, жакыр үй-бүлө деген категориядан чыгарылды. Ал эми быйыл райондо 44 миң гектардан ашык аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген. Бирок быйыл суу көйгөйү жаралган. Анткени Заргер, Жазы дарыялары соолуп калып, бир топ түйшүк түшкөн. Бирок бул маселе чечилди, башкача айтканда, атайын аракеттин натыйжасында насостук станциянын жардамында Кара-Дарыянын суусу Жазы дарыясына, андан Зергер дарыясына тартылган. Ушул жана башка жумуштар тууралуу алдыда кенен таанышсаңыз болот.
Жакыр үй бүлөлөр азайды…
Эл каттоонун 2023-жылдагы маалыматы боюнча, Өзгөн районунда калктын саны 290 миңден ашты. Өткөн жылы райондо 7115 үй бүлөнүн 24 772 баласына жөлөкпул чегерилсе, 2023-жылдын 1-июнуна карата анын саны 738 үй бүлөгө же 2235 балага азайган. Бул тууралуу район акиминин орун басары Рахим Мырзакулов билдирди. Ал негизинен, Министрлер кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” атайын токтомунун жардамы тийгенин кошумчалады.
“Өзгөн районун аймагында 585 колу жука жарандар менен социалдык контракт түзүлүп, мамлекет тарабынан ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон акчалай каражат берилди. Алардын басымдуу көпчүлүгү мал чарбачылык болсо, калгандары тигүүчүлүк, айрымдары соода-сатык менен алектенип жатышат. Аларды тийиштүү органдардын өкүлдөрү көзөмөлдөп турушат жана бөлүнгөн каражатты кандай пайдаланып жатышкандыктарына көз салып жатышат”,-дейт Мырзакулов.
Ал эми тигүү цехтерин ачкандар кошумча киреше ала башташканын кошумчалайт. Жайда алар район борборунда социалдык контракттын негизинде алган акчасынын жардамында өндүргөн азык-түлүктөрүн алып чыгып, атайын көргөзмө уюштурушту. Катышуучулар жетишкен ийгиликтерин ортого салып, башкалар менен тажрыйба алмашышты. Андан сырткары, Бишкек шаарында чоң жыйынга Өзгөн районунан 32 өкүл катышаары күтүлүүдө. Алар өз турмушун өйдөлөтүүгө кандайча жетишкен ийгиликтери тууралуу ой бөлүшүп, республиканын жети дубандарынан келген өнөктөштөрү менен пикир алышып кайтмакчы.
Суугаруу тармагындагы көйгөйлөр…
2023-жылга карата Өзгөн районунда жалпысынан 44 миң гектардан ашык аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген. Анын ичинен буудай 8444, арпа 7295, күрүч 3196, жүгөрү 5617, картошка 1132, жашылча 1714, май өсүмдүктөрү 98 гектарды түздү. Райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Өмүрзаковдун айтуусунда, кийинки жылдарда бул тармакка мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын көлөмү жылдан жылга көбөйтүп жаткандыктан, быйыл сугат тармагындагылар жылдын кургакчыл келишине карабастан, кыйын абалдын чыга алышкан.
“Суу чарба башкармалыгы өткөн жылы өзүнүн карамагындагы 288 км 600 метр каналдын 63, быйылкы жылы 23,8 чакырым аралыгын тазалаганга жетишти. Үстүбүздөгү жылы 28 жердеги суу таштагыч, башкы курулмаларда ремонт иши жүрдү. Сугаруу ишинин ийгиликтүү жүргүзүлгөнүнөн эрте жазда көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, бак-дарактар эрте сугаттан өткөрүлүп, кыртыштагы нымдын сакталып калышына өбөлгө түзүлдү”,-деди Өмүрзаков.
Ал кошумчалагандай, быйылкы жылдын жаанчыл болбой, кургакчыл келиши да жогоруда көрсөтүлгөн аянттагы айыл чарба өсүмдүктөрүн сугат суу менен камсыз кылуу үчүн бир топ кошумча чыгымдар менен түйшүктөрдү талап кылган. Анткени, 15-июндарда Заргер, ал эми 20-июлдарда Жазы дарыясы соолуп калган. Мындай кырдаалдан чыгуунун оптималдуу жолу изилденип, анын негизинде насостук станциянын жардамы менен Кара-Дарыянын суусу Жазы дарыясына, андан Зергер дарыясына тартылган. Андан ары Төрт-Көл, Шоро-Башатка чейин жеткирилган. Быйыл август айында суунун таңкыс болуп калганда айрым аймактарда кезектешип сугаруу ыкмасы колдонулган. Ушундай аракеттин натыйжасында, райондун аймагында дыйкандар өстүргөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн куурап калган, элдин нараазы болгон көрүнүш катталган эмес.
Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгы жакында өткөрүлө турган чоң активде көп жылдык тоют өсүмдүктөрүнө жана күздө айдалган аянттарга ным топтоо үчүн күзгү сугатты уюштуруу боюнча сунуштарын даярдап жатышат.
Кышка даярдык…
Аталган райондун калкынын көмүргө болгон жалпы керектөөсү – 19 600 тоннаны түзөт. Ал эми билим берүү тармагына 8022, саламаттыкты сактоо мекемелерине 880, маданият тармагына 60, кесиптик-техникалык лицейге 136 тонна көмүр керектелет. Кара алтынды сатып алуу боюнча тендерлер өз убагында өткөрүлүп, учурда социалдык обьектилерге көмүрдүн алгачкы партиялары келип түшө баштаган.
Райондо жалпысынан 3 жалпы дарыгерлер практика борбору, 1 райондук санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борбору, 23 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жана 64 ФАП бар. Алардын эң ириси 137 миң калкка кызмат көрсөткөн Өзгөн жалпы дарыгерлер практика борбору. Бул мекеменин жетекчисинин орун басары Кубаныч Оморбековдун айтуусунда, жалпы дарыгерлер практика борборуна караштуу 1 стационардык ооруканага, 13 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жана 32 ФАПта бүгүнкү күнү кышка карата от казандарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка карата даярдоо иш-чаралары аткарылып бүттү.
“Кышкы сезондо ага 550 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө жеке ишкерлер менен түзүлгөн келишимдин негизинде 165 тонна көмүр тартылды. Ошондой эле, ооруканада электр энергиясы менен жылытылган стационардык бөлүмдөр бар. Анын жылытуу ситемалары тиешелүү адистер тарабынан кароодон өткөрүлгөн”,-дейт Оморбеков.
Жалпысынан…
Жалпылап айтканда, Өзгөн районундагы социалдык-экономикалык абал жылдагыга салыштырмалуу жакшырып баратканы статистикалык маалыматтардан улам белгилүү болот. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алгандардан көпчүлүгү өз үй бүлөлөрүнө кошумча каражаттарды таба башташкан. Анын натыйжасында, 7115 жакыр үй бүлөнүн 738и колдоо алып, бул категориядан чыгарылган.
Андан сырткары, быйыл сугат иштери кыйынга турган менен ал көйгөйлөр да чечилген. Тактап айтканда, ушул жылдын 15-июндар чамасында Заргер, ал эми 20-июлдарда Жазы дарыясы соолуп калгандыктан, насостук станциянын жардамы менен Кара-Дарыянын суусу Жазы дарыясына, андан Зергер дарыясына тартылып чыгарылып, андан ары Төрт-Көл, Шоро-Башатка чейин жеткирилган. Ошентип натыйжада, райондун аймагында көйгөйлүү жерлердеги сугаруу иштери жолго коюлган.
Учурда күз мезгили өз өкүмүн жүргүзүп жатат. Алдыда кыш. Райондун кышка карата даярдыгы, айркыча мамлекеттик мекеме, уюмдардын даярдыгы жылдагыдай эле өз убагында башталган. Анын ичинен билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, кесиптик-техникалык лицейи сыяктуу ишканаларга көмүрдүн алгачкы партиялары түшө баштаган.
Макаланы даярдаган: А.Белеков