Өзгөндөгү Кара-Дарыянын оң жээгиндеги Баш-Дөбө, сол жээгиндеги Кароол айыл өкмөттөрүнүн аймагынан узундугу 4 км болгон дамбанын курулуш иштери башталганына 20 күндөн ашык убакыт болду. Ал – жол болуп көтөрүлүп салынып барып, эң жакын жеринен көпүрө өтөт. Анын узундугу – 210-217 метрге жетээрин Өзгөн районун акими Каныбек Апбасов билдирди.
Ал эми КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, курулуш ишине 26 техника тартылган. Сол жээк дамбанын курулушуна 13 миң куб бетон керектелет. Ал эми дамбанын курулушуна жалпысынан 37 миң куб таш талап кылынат. Ташты Аравандан ташып бараары пландалган. Учурда 20 миң кубдан ашык таш жарылып, даярдалып койгон.
10.01.2024БИШКЕК – ОШ УНАА КАТТАМЫ ҮЧҮН ӨЗГӨН АЙЛАНМА ЖОЛУНУН АЛКАЧКЫ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫМамлекет башчысы Садыр Жапаров "Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" Жарлыгына өткөн жылы кол койгон.Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкеде жол кыймылын азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында кабыл алынган.КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке айланма жолду салуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырмасына ылайык, Өзгөн шаарына айланма жол куруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.Анын негизинде айланма жол өтүүчү Кара-Дарыянын эки жээгин бекемдөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колго алып, азыркы тапта жумуш кызуу жүрүүдө.Учурда дарыянын сол жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Аны бекемдөөгө ӨКМ жалпысынан 26 техника бөлгөн. Жумуштун жүрүшү менен КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов жеринде кабар алып, тийиштүү тапшырмаларды берди.КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР*****НАЧАЛСЯ НАЧАЛЬНЫЙ ЭТАП СТРОИТЕЛЬСТВА ОБЪЕЗДНОЙ ДОРОГИ УЗГЕНАОбъект важный и значимый. Отметим, в декабре 2023 года Президент страны Садыр Жапаров подписал Указ «О реализации проекта государственно-частного партнерства по строительству и обслуживанию объездной автомобильной дороги вокруг города Узгена Ошской области.Такое решение было принято в целях повышения безопасности дорожного движения, снижения количества дорожно-транспортных происшествий, а также улучшения дорожной инфраструктуры на трассе Бишкек-Ош, в том числе на участке, проходящем через Узген. Национальному агентству по инвестициям было поручено подготовить документы для реализации проекта ГЧП по строительству объездной дороги вокруг Узгена и внести их на рассмотрение Кабмина КР.В настоящее время начались масштабные работы по строительству и обслуживанию объездной автомобильной дороги вокруг города Узген.Сейчас сотрудники МЧС КР ведут берегоукрепительные работы вдоль русла реки Кара-Дарья. Рабочие и техника работают в штатном режиме. На месте задействовано 26 единиц техники МЧС. Заместитель министра чрезвычайных ситуаций КР Акылбек Мазарипов получил информацию о ходе работ и дал им соответствующие поручения.ПРЕСС – ЦЕНТР МЧС КР
Опубликовано МЧС Кыргызстана Вторник, 9 января 2024 г.
“План боюнча бул дамбаны суу көбөйгүчө, апрель-май айларына чейин бүтүрүп алышыбыз керек. Ошондуктан, биз календарлык иш план боюнча баратабыз. Жумуштарды тездетүү үчүн кызматкерлер беш топко бөлүнгөн. Ар бирине 400 метрден аймак берилип, ошого жараша техника, күйүүчү майлары менен камсыздалды”,-деди ӨКМ министринин орун басары Акылбек Мазарипов.
Белгилей кетсек, Өзгөн шаарын айланып өтчү жолду салуу боюнча КР Президенти Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда атайын жарлык чыгарып, жумушту эртелетүү тапшырмасын берген.
Эми бул жол бүтсө, Ош менен Бишкекке каттагандар 8 км жолду кыскартып, Өзгөн шаарын айланбай өтүп калышат. Жаңы жолдун жалпы узундугу 14 чакырым, 2 жана 4 тилкелүү болуп салынат. Негизи бул иштер эки жылда бүтүш керек болчу, бирок темпти тездетип, бир жылда бүтүрүү пландалууда.




















