Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн өкмөтү экинчи тынчтык саммитинде жаңжалды жөнгө салуу планын сунуштоого үмүттөнөрүн билдирди. Ал Украина согуш талаасында жарадарлардын жана каза болгондордун көптүгүнө байланыштуу жаңжалды мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга умтулуп жатканын баса белгиледи.
«Бизде көп убакыт жок, анткени согуш талаасында жарадар болгондор жана каза болгондор көп. Ошондуктан бул согуштун жылдар бою уланышын каалабайбыз. Биз экинчи саммитке тынчтык планын даярдагыбыз келет», – деди ал Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель экөөсү басмасөз өкүлдөрү менен болгон биргелешкен жолугушуусунда.
Зеленский жакынкы бир нече ай ичинде тынчтык планы иштелип чыгышы керектигин кошумчалады. Бул маселе боюнча Украинанын орус тарап менен байланышы боло элек.
Украина боюнча биринчи тынчтык саммити 15-16-июнь аралыгында Швейцариянын Бургенсток шаарында орус тараптын катышуусуз өттү. 80 өлкө жана 4 уюм кол койгон жыйынтыктоочу коммюникеде туткундардын бошотулушу, Запорожье атомдук станциясынын көзөмөлүнүн Украинага өтүшү, Украинанын Кара жана Азов деңиздериндеги портторуна коопсуз кирүү, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу тууралуу сөз болгон.
Буга чейин Украина Орусияны эл аралык өнөктөштөрү менен болочок тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн формуласын иштеп чыгууга багытталган кезектеги жолугушууга чакырышы мүмкүн экени айтылган.



















