Италиялык блогер Луиджи Писакане Украина президенти Владимир Зеленскийге окшоштугу үчүн социалдык тармактарда таанымал боло баштады.
Лента.ру кабарлагандай, украиналык кыз аны саясатчы менен жаңылышкансып тартып алган тамаша-видео Instagram’да эки миллиондон ашык көрүүлөрдү жыйнап, чоң кызыгуу жаратты.
Видеодо Писакане көчөдөгү кафеде столду сүртүп жатат, ошол маалда бир бейтааныш кыз аны Зеленский деп атап, украин тилинде Киевге кайтууга чакырат. Блогер аны менен кетүүдөн баш тартып, чыныгы италиялык экенин далилдөөгө аракет кылат.
«Мен — Украина президенти Зеленскийдин чыныгы окшошу», — деп кол тамга калтырган Писакане видеого.
Комментарийлерде айрым социалдык тармактардын колдонуучулары орус тилинде тамаша менен «Зеленский Италияга көчүп келип, ишке орношкон турбайбы»,- деп жазышкан.
Ошондой эле, блогердин башка тамашалуу видеолорунун астын да орусча комментарийлер каптап кетти. Колдонуучулар: «Бул Зеленский эс алууда жүрөт», «Ал Зеленскийден да окшошураак», «Качан шайлоо болот?», «Зеленский, ишке бар, эл күтүп жатат» — деген сыяктуу ирониялуу пикирлерин калтырышкан.
Айрым көрүүчүлөр Писаканеге орус тилин үйрөнүүнү сунуштап, тамаша-ирония менен блогер күн сайын кечинде орусча комментарийлерди сөздүк менен которуп отурат го деп жазышкан.




















