АКШнын президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин бетме-бет жолугушуусуна даярдана баштаганын билдирди.
Трамп Ак үйдө Зеленский жана европалык лидерлер менен жолугушкандан кийин Truth Social баракчасына жолугушуу азырынча тактала элек жерде өтөт, андан кийин үч тараптуу сүйлөшүүлөр боло тургандыгын жазды.
«Баары Россия менен Украинанын тынчтык келечегине кубанычта», – деп жазган Трамп. Ал Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун талкуулаганын кошумчалады.
Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, телефон сүйлөшүүсү 40 мүнөткө созулганын Кремль ырастады. CNN булагы билдиргендей, Трамп Путин менен сүйлөшүү үчүн Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдү токтотуп, орус президенти менен европалыктардын катышуусуз сүйлөштү.
Трамп Путин менен Зеленскийдин августтун аягына чейин жолугушуусуна үмүттөнөт, деп билдирди Axiosтун журналисти Барак Равид Ак үйдөгү булактарына таянып. Путин Трампка Зеленский менен жолугушууга даяр экенин айтты, деп билдирди Франс Пресс агенттигине Россия менен АКШ президенттеринин телефон сүйлөшүүсүнөн кабардар булагы.
Ушаковдун айтымында, Путин менен Трамп түз орус-украин сүйлөшүүлөрүндө “делегациялардын деңгээлин көтөрүүнү” талкуулашты. «Орус президенти Дональд Трамптын Украинада узак мөөнөттүү жөнгө салууга алып баруучу чечимдерди табуу үчүн жеке өзү көргөн аракеттеринин маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи», – деп белгиледи Ушаков.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон сүйлөшүүлөр төрт тараптуу эмес, Европанын катышуусу менен өтүшү керек деп ырастады. «Кийинчерээк бизге төрт тараптуу жолугушуу керек болот, анткени коопсуздук кепилдиги жөнүндө сөз болуп жатса, анда бүткүл Европа континентинин коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жатат», – деди ал.
Трамптын айтымында, Зеленский жана европалыктар менен жолугушууда Украинанын коопсуздук кепилдиги талкууланган, аны «бир катар европалык өлкөлөр АКШ менен макулдашып берет».
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу эки жуманын ичинде болушу керектигин айтты. Ал кошумчалагандай, орус президентинин Зеленский менен жолугушууга «кайраты» жетээрине ишенбейм.
Украина Путин менен жолугушуунун бардык форматына даяр, – деди Зеленский Ак үйдөн чыгып баратып. Анын айтымында, ал Трамп менен аймактар боюнча көпкө сүйлөшкөн, ошондой эле АКШ Украина үчүн коопсуздук кепилдигине катышат жана аларды координациялайт деген сигнал алган.
Кепилдиктердин өзүлөрү 10 күндүн ичинде иштелип чыгат, деди Зеленский.


















