Анын чыгармачылыгы Өзбекстанга эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияга таанылган. Анын ичинен Кыргызстандан да өз фанаттарын таба алган. Жураев кыргыз тилинде да ырдаган. Эки улутту ынтымакка чакырган ырлары хит болгону белгилүү.
Өзбекстандын Эл артисти Шерали Жураев 77 жаш кураганды узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу бул өлкөнүн Маданият министрлигинин маалымат кызматынын расмий кабарлашты.
“Өзбек маданияты менен искусствосу оор жоготууга учурады. Миллиондордун жүрөгүн багынткан Өзбекстандын Эл артисти Шерали Жураев 77 жашында узакка созулган оорудан кийин каза болду”, – деп айтылат маалыматта.
Шерали Жураев 1947-жылы Анжиян облусунун Асаке шаарында туулуп, 1971-жылы Ташкенттеги театралдык сүрөт институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1972-жылы «Шодлик» ансамблинде баштаган.
Чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн жылдарында Жураев миңден ашык ыр жазган, 600дөн ашык чыгармаларды аткарган, белгилүү өзбек акындарынын ырларын музыкалаштырган. Ал ошондой эле «Тарых ырдайт» театралдаштырылган концерттин автору, сценарист жана «Шерали менен Ойбарчин» көркөм тасмасынын башкы ролунун аткарган.
Шерали Жураев беш баланын: эки уул, үч кыздын атасы. Уулдары Шохжахон Жураев, Зоиршох Жураев атасынын жолун жолдоп, ырчы да болушкан.