Ахангараңда (Өзбекстандын Ташкент облусундагы шаары, Ахангаран районунун административдик борбору) “Вагнер” МАКтын (менчик аскер компаниясы) катарында Украинада согушкан өзбекстандык жаранга өкүм чыгарылды. Бул тууралуу Repost.uz сайтына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Басылма сот өкүмү ушул жылдын май айында кайра чыгарылганын, бирок бул тууралуу азыр гана жарыяланганын кабарлады.
Иштин материалдарына ылайык, 2019-жылдын аягында Россияга иштегени кеткен 26 жаштагы Ж. Ш. бир канча убакыт өткөндөн кийин ал Москвада баңгизат ташыгандыгы үчүн сот жообуна тартылган.
2021-жылдын сентябрында ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228-1-беренеси (баңги затын мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, жигит жети жылга эркинен ажыратылган.
Бирок бир жылдан бир аз ашык убакыт өткөндөн кийин, 2022-жылдын октябрында өзбек жараны “Вагнер” МАК тарабынан өз катарына алынган, андан кийин Ж.Ш. Украинада согуша баштаган.
Сот “Вагнер” МАКтын катарында, согушка катышкан алты ай ичинде өзбек жараны 950 миң рубль (10 800 доллар) иштеп, «Эрдик үчүн» медалы менен сыйланганын жана калган кызматтан бошотулганын билдирди.
2023-жылдын август айында өзбек жараны мекенине кайтып келген. Кийинчерээк ал жалданмачылык кылган деген айып менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын май айында Ж. Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (жалданмачылык) менен күнөөлүү деп табылган. Бул беренеде беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок сот Ж.Ш. 2,5 жыл түзөтүү жумуштарына ай сайын эмгек акысынан 20% мамлекетке кармап туруу менен соттолду.
Сот өкүм чыгарууда кандай жеңилдетүүчү жагдайларды эске алганы айтылган эмес.


















