Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жогорку спорттук чеберчилик институтунун базасында Мамлекеттик спорт академиясын түзүү тууралуу токтомго кол койду.
Андагы маалыматка ылайык, 2025/2026-окуу жылдарында Мамлекеттик спорт академиясына Илимий-изилдөө дене тарбия институту жана адистердин дене тарбия жана спорт квалификациясын жогорулатуучу кайра даярдоо институту өткөрүлүп берилмекчи.
Академия адистерди мыкты спорттук-билим берүү мекемелеринин тажрыйбасынын негизинде даярдайт.
Ошондой эле спортчуларга чет тилдерин жана Өзбекстандын тарыхын тереңдетип окутуу максатында Өзбекстандын тарыхын жана чет тилдирди окутуу Борбору түзүлүп, ал академиянын курамына Маалыматтык-библиотекалык борборду кошуу менен юридикалык статуска ээ эмес мекеме катары ишмердүүлүгүн жүргүзөт.


















