«Өзбекстан энергетика жумалыгы – 2026» алкагында Өзбекстандын Энергетика министрлиги жана БАЭнин AMEA Power компаниясы өлкөдө кезектеги ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну баштады. Бул тууралуу 13-май, шаршемби күнү министрликтин басма сөз кызматы Telegram каналында билдирди.
Тактап айтканда, Ташкент шаарындагы Мирзо-Улугбек районунда кубаттуулугу 150 МВт (300 МВт·саат) болгон энергия сактоо системасынын курулушу башталды. Долбоордун баасы 86,1 миллион долларды түзөт.
Мындан тышкары, ушул эле өнөктөш менен биргеликте келечекте Бухара облусунун Гиждуван районунда кубаттуулугу 200 МВт (800 МВт·саат) болгон энергия сактоо станциясын куруу пландалууда. Долбоордун жалпы баасы 200 миллион долларды түзөт.
Ошондой эле Каракалпакстан Республикасынын Кунград районунда кубаттуулугу 1000 МВт болгон шамал электр станциясын жана узундугу 40 чакырым болгон электр берүү линиясын куруу долбоору ишке ашырылууда. Анын баасы 1,06 миллиард долларды түзөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул долбоорлор өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын мындан ары чыңдоого, кайра жаралуучу энергия булактарын кеңири пайдаланууга жана электр менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатууга кызмат кылат.



















