Eurasiatoday
Жекшемби, 15-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Р. Умбеталиев: “Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча банктар расмий жоопкерчилик ала элек”

  • Интервью
  • 15.10.2026 09:35

Loading

Жакында энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинин 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жана Камбар-Ата ГЭСтеринин абалы менен таанышканын ведомстводон кабарлашкандан кийин, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевге байланышып, бир катар суроолорду узатып, жооп алдык.

Эксперт бул аймактагы эң ири долбоор болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин геосаясий маанисине токтолуп, Батыш банктары Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга убада кылган 2,4 миллиард долларлык, анын ичинен биздин өлкөгө 1 миллиард доллар көлөмүндөгү каржылоо боюнча азырынча расмий же юридикалык жоопкерчилиги бар келишимдер түзүлө элек, бирок меморандумдар менен макулдашууларга кол коюлгандыгын билдиришти.

– Расул Акматович, Энергетика министри жакында Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Токтогул ГЭСинин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип келди. Маалыматта белгиленгендей, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1440 МВтка чейин жогорулатылган. Бул көрсөткүч ушул кыштагы электр энергиясынын тартыштыгын (дефицитти) толук жаба алабы же дагы эле кошумча импортко муктаждык болобу?

Тема боюнча

Кыргызстан менен Түркия энергетика тармагында дрондорду колдонууну талкуулашты

Кыргызстан менен Түркия энергетика тармагында дрондорду колдонууну талкуулашты

21.08.2026

– Токтогул ГЭСин 3 этаптан турган модернизациялоо долбоору 2017-жылы башталып, 2025-жылдын 18-ноябрында толугу менен аяктаган. Ал учурда энергетика министри болуп Таалайбек Ибраев иштеп турган, ал эми азыркы министр Алтынбек Рысбеков анын орун басары кызматын аркалаган.
Токтогул ГЭСинин модернизациялоо долбоору үч этап менен ишке ашырылган:

Биринчи этап 2017–2019-жылдары бул баскычка 55 млн доллар каралган.

Экинчи этап 2019–2023-жылдары бул баскычка 210 млн доллар каралып, анын алкагында №2 жана №4 гидроагрегаттар алмаштырылган.

Үчүнчү этап 2024–2025-жылдары бул фазага 110 млн доллар бөлүнүп, жыйынтыгында №1 жана №3 гидроагрегаттар жаңыланган.

Жаңылоо иштеринен кийин ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1 200 МВттан 1 440 МВтка көтөрүлүп, кошумча 240 МВт кубаттуулук пайда болгон. Бирок 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде бул көбөйтүлгөн кубаттуулук баары бир жетишсиз болот. Буга Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өтө аздыгы жана өлкөдө электр энергиясын колдонуу жыл сайын 8-10 пайызга көбөйүп жаткандыгы себеп болууда.

Бул көбөйтүлгөн кубаттуулук дагы өлкөдөгү дефицитти толугу менен жаба албай, алдыдагы күз-кыш мезгилинде 4,2–4,5 млн кВт/саат электр энергиясынын тартыштыгы болушу мүмкүн. Ошол себептүү коңшу мамлекеттерден электр энергиясын сатып алууга мажбур болобуз. Бирок, кыш өтө суук болсо, коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия электр энергиясын толук кандуу бере албай калышы ыктымал. Мындай кырдаалда өлкө аймагында жалпы өчүрүүлөр жана массалык чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

– Төрт гидроагрегаттын жаңыланышы менен Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бул кубаттуулукту толук иштетүүгө жетиштүүбү?

– 2026 – жылдын 10 – октябрына карата суусактагычта суунун көлөмү 11 млрд.385 млн.кубду түзүүдө. Бул өтө аз көлөм. 2027 – жылдын 1- апрелине карата “өлүк” көлөмү болуп калышы мүмкүн. Бул деген сөз суу гидроагрегаттарга барбай калат дегенди түшүндүрөт. Ошондо жалпы ГЭСтер иштебей калуу ыктымалдуулугу бар. Мындай абал түздөн – түз энергетикалык жана улуттук коопсуздука абдан терс таасирин тийгизет.

– Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдыктар жүрүп жатат деп айтылууда. Бул долбоордун каржылоо булактары толук чечилдиби?

– Камбар-Ата-1 ГЭСи бул Кыргызстандагы эң чоң энергетикалык долбоор жана анын геосаясат менен түздөн-түз байланышы бар.

Биринчиден, каржылоо институттары — Европалык жана Дүйнөлүк банктар болуп жатат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин реалдуу түрдө келишимдер толук кандуу түзүлө элек. Анткени Европалык банктар курулушка 2,4 млрд доллар беришибиз мүмкүн деп жатышат. Бул каражат Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанга багытталып, анын ичинен 1 млрд доллары Кыргызстанга берилиши каралган.

Азыркы учурда меморандумдар менен макулдашууларга кол коюлган, бирок бул жөн гана каалоо жана макулдук болуп эсептелет. Банктар акча каражатын беребиз деп азырынча расмий убада жана жоопкерчилик алыша элек.

Россия менен стратегиялык кызматташтык бар болгон үчүн насыяны созуп же бербей коюшу дагы ыктымал. Ал эми Дүйнөлүк банк Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанга 500 млн доллардан кредит беребиз деп жатат, бирок бул банк АКШнын карамагында болгондуктан, Россия менен тыгыз байланышта деген жүйө менен санкция киргизиши же узартып, бербей коебу деген кооптонуу бар.

Андан сырткары, курулуштун түзүмү толук кандуу аныктала элек.

Ошондо канча акча керектеле турганы да азырынча белгилүү эмес. Болгону техникалык – экономикалык негиздемеси (ТЭН) гана түзүлгөн. Ошондуктан бул эң ири улуттук, стратегиялык жана энергетикалык курулуш долбоору жок курулбаш керек.

– Кыргызстан коңшу өлкөлөр (Казакстан, Өзбекстан) же эл аралык донорлорсуз бул долбоорду жалгыз өзү аягына чыгара алабы? Биз геосаясий көз карандылыкка кептелип калбайбызбы?

– Камбар – Ата – 1 ГЭСин курабыз деп үч мамлекет келишим түзүп койгон. Бул долбоор бир жагынан жакшы эле коңшуларды ынтымакка, биримдикке алып келе алат. Бирок курулуштун үлүшүн Кыргызстанга 34 %, Өзбекстан жана Казахстанга 33%дан бөлүп жатышат. Мында коңшу өлкөлөр өзгөчө сугат сууга өтө кызыкдар.

Эгерде коңшу өлкөлөр биригип алышса, бул долбоорду толук көзөмөлдөп, суу-энергетикалык байлыктын 60 пайызына ээлик кылып калышат. Мындай тобокелдикти алдын алуу үчүн, Камбар-Ата-1 ГЭСин өзүбүз эле курсак өлкө үчүн алда канча жакшы жана коопсуз болмок.

– Камбар – Ата – 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору эмне үчүн ушунча жылга созулуп келе жатат? Мунун артында коррупциялык схемалар барбы же чын эле техникалык мүчүлүштүктөрбү?

– Камбар – Ата – 2 ГЭСи, Камбар – Ата -1 ГЭСине чейин курулуш керек эле. Бирок, 2010-жылы Убактылуу өкмөт саясий пиар үчүн Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи гидроагрегатын шашылыш жана техникалык жактан туура эмес куруп койгон. Азыркы күндө ал ГЭС толук кандуу иштеген жок.

Эмне үчүн дегенде, адегенде 500 кВ (киловольт) болгон ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү (АБТ) куруу зарыл болчу. Энергетика министрлиги жана анын жаңы министри Алтынбек Рысбеков учурда экинчи гидроагрегатты курабыз деп жатышат, бирок ал толук кандуу иштей албайт. Себеби 1-сентябрдан 1-апрелге чейин суунун агып жаткан көлөмү жана кубаттуулугу жетишсиз болгондуктан, жаңы курулуп жаткан экинчи агрегат токтоп калат. Ошондуктан бул долбоорду дагы кезектеги саясий пиар катары карасак болот.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Камбар -Ата – 2 ГЭСинин курулушуна Россиядан бөлүнгөн насыянын ичинен 100 миллион АКШ доллары уурдалып, коротулуп кеткен. Андан кийинки келген бийликтердин тушунда дагы бул станцияга ири өлчөмдөгү каражаттар эсепсиз сарпталган. Ал эми бүгүнкү күндө Камбар-Ата-2 ГЭСинин аймагында МТБ строй майнинг компания иштеп жатат.

– Электр энергиясына болгон тарифтердин улам-улам көтөрүлүшү “модернизацияга каражат топтоо” деп түшүндүрүлүүдө. Эгер өкмөт ГЭСтерди жаңылап, кубаттуулукту өз күчү менен көбөйтүп жаткан болсо, эмне үчүн карапайым эл дагы эле кымбат баа төлөшү керек? Бул каражаттар кайда кетип жатат?

– Орто мөөнөттүү тариф саясатынын 2025-2030 – жылга чейин, жыл сайын электр баасы элге, карапай адамдарга көтөрүлүүдө.

2026 -жылдын 1-майынан баштап, элге 700 кВт/саат чейин тариф -1,64 сом 1 кВТ/саат, ал эми 700 кВт/саат ашыкча – 2,94 сом. Бул тариф мекеме жана коммерциалык ишканаларга тең болуп калды.

Азыркы бул тариф менен энергетика тармагы кирише алыш керек эле. Бирок андай болбой жатат. Карпайым элге социалдык тариф орнотуу абзел болчу. Жалпы тариф саясаты туура эмес. Алтын казган, арак чыгарган жана башка чоң кирешедеги коммерциалык компаниялар элге каранда 1 кВт/саатга 10-15 сом кымбат төлөш керек.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Камбар-Ата – 1 ГЭСиэнергетикаЭнергетика министрлиги
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

22.10.2026
Кыргызстан менен Түркия энергетика тармагында дрондорду колдонууну талкуулашты

Кыргызстан менен Түркия энергетика тармагында дрондорду колдонууну талкуулашты

21.08.2026
Өзбекстан экинчи АЭС курууга даярдык көрүүдө

Өзбекстан экинчи АЭС курууга даярдык көрүүдө

20.08.2026
Энергетика министрлиги 14-августта жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин түшүндүрдү

Энергетика министрлиги 14-августта жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин түшүндүрдү

17.08.2026
Энергетика министрлиги Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү боюнча алты өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Энергетика министрлиги Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү боюнча алты өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

01.07.2026
ЕӨБ: Борбордук Азиянын электр тармактарындагы жоготуулар 20%га жетти

ЕӨБ: Борбордук Азиянын электр тармактарындагы жоготуулар 20%га жетти

01.07.2026
Иран ШКУ алкагында энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган демилгелерди көтөрдү

Иран ШКУ алкагында энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган демилгелерди көтөрдү

19.06.2026
Бишкек ШКУнун энергетикалык аянтчасына айланды: министрлер инвестиция, ГЭС жана жаңы инфраструктураларды талкуулашууда

Бишкек ШКУнун энергетикалык аянтчасына айланды: министрлер инвестиция, ГЭС жана жаңы инфраструктураларды талкуулашууда

19.06.2026
Тажикстан «жашыл» энергия өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду

Тажикстан «жашыл» энергия өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду

04.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.