Өзбекстандын Самарканд облусундагы «Каттакурган» полигонунда «Биримдик – 2025» аттуу эл аралык аскердик машыгуулардын соңку этабы өтүп, иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын коргоо министрлиги маалымат таратты.
Бул машыгууларга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскердик бөлүктөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө чалгындоо операциялары, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн атайын тапшырмалар, ошондой эле шаардык шартта шарттуу куралдуу топторду жок кылуу боюнча тактикалык операциялар иштелип чыкты.
Машыгуулардын жүрүшүнө артиллериялык жана авиациялык күчтөр, анын ичинде истребителдер жана согуштук тик учактар тартылды.
Ушундай эле аскердик окуу-машыгуу иш-чаралары Тажикстандын Хатлон гарнизонундагы “Фахробод” окуу борборунда да өттү. Ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин биргелешкен масштабдуу тынчтык орнотуучу аскердик машыгуулары болду. Иш-чара “Жеңилбес бир туугандык — 2025” деп аталып, уюмга кирген өлкөлөрдүн тынчтык орнотуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууну максатталды.


















