Өзбекстандын Фергана облусунун Маргилан шаарында алты адам иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-январда Ватан маалесиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 57 жана 54 жаштагы жубайлар, 30 жаштагы кызы жана 7,5,3 жаштагы неберелери кайтыш болгон.
Текшерүү көрсөткөндөй, мештин мору туура эмес орнотулуп, натыйжада үйгө уулуу газ толуп калган. Алдын ала соттук-медициналык экспертизанын корутундусу өлүмдүн себебин иске катуу уулануу деп ырастоодо. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Былтыр декабрдын ортосунда Каракалпакстандын Чимбай районунда иске ууланып бир үй-бүлөнүн беш мүчөсү каза болгон. Дагы эки адам оор абалда ооруканага жаткырылган. Ушул эле күнү Жаңы-Наманган аймагында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү көмүр кычкыл газына ууланып көз жумганы кабарланган. Октябрдын аягында Самарканд облусунун Акдарыя районунда үч адамдан турган үй-бүлө иске ууланып мерт болгон.



















