Ташкентте бир катар кылмыштарга шектелип алты киши кармалды. Алардын арасында “Бахти Ташкентский” атыккан кримтөбөл Бахтиёр Кудратуллаевдин уулу да бар.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Ихтиёр Кудратуллаев “Кылмыштуу топ тарабынан же анын кызыкчылыгында өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча шектелүүдө. Өзбекстан мыйзамдарында мындай кылмышка күнөөлүү деп табылгандар үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
“Бахти Ташкентский” өзү быйыл декабрдын башында кармалып, “бейбаштык” жана “укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө” айыптары менен 15 суткага камакка алынган. Кийин ага “Ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу” жана “Маңзат сактоо” беренелери боюнча жаңы айыптар тагылган.
Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) жетекчи орун басары Даниер Ташхожаев журналисттерге Бахтиёр Кудратуллаев бул кылмышка уюшкан кылмыштуу топтун курамында барганын жана буга жетиштүү далилдер бар экенин билдирген.
Укук коргоо органдарынын криминалдык абалды жакшыртуу боюнча профилактикалык жана ыкчам иш-чараларынын алкагында Ихтиёр Кудратуллаевден тышкары дагы беш киши бир катар кылмыштарга шектелип кармалды.
Алардын баарына тең камакка алуу бөгөт чарасы белгиленип, тергөө иштери башталды.


















