Кечээ, 28-мартта Ташкентте Өзбекстандын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Казакстандын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы консультациялардын жетинчи раунду болуп өттү.
Бул тууралуу УзА агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулетов төрагалык кылып, ага эки өлкөнүн ички иштер, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, коопсуздук кызматтарынын, ошондой эле эки өлкөнүн дин иштери боюнча комитеттеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Тараптар эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы туруу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү аскердик жана аскердик-техникалык тармактарда кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелерине токтолушту.
Жыйынтыгында кол коюлган протоколдо коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча чаралар бекитилди.


















