Өзбекстан жана Казакстан чек арадагы жаңы өткөрүү пункттарынан бош бараткан оор жүк ташуучу жана чакан унаалардын кыймылын жолго салууга аракеттенүүдө.
Бул тууралуу Өзбекстандын Бажы комитетинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып Gazeta.uz билдирди.
Мындай макулдашуу Өзбекстандын мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Акмалхужи Мавлонов менен Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин башчысы Жандос Дүйсембиевдин Алматыда өткөн жолугушуусунда белгилүү болду.
Тараптар “Ак алтын”, “Целинный” “Сырдарья” жана “Малик” чек ара өткөрмөлөрү “Яллама”, “Назимов” пункттарынын ишин жеңилдетип, ошол эле учурда чектеш казак постторундагы кезек күтүүнү кыйла азайтаарын белгилешти.
Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү кеңейтүү боюнча бекитилген программага ылайык, 2030-жылга чейин өз ара сооданын көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү пландалууда.
Буга байланыштуу эки өлкөнүн бажы кызматтары чек арадагы жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү, айыл чарба продукцияларын өткөрүү үчүн “жашыл коридор” киргизүү жана өткөрүү пункттарындагы кезек күтүүлөрдү натыйжалуу башкаруу ниетин көздөшүүдө.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тартып Өзбекстан чек ара бажы бекеттеринде “Электрондук кезек” системасын этап-этабы менен ишке киргизе баштайт.
Бул механизм биринчи иштей турган жер Казакстан менен чектешкен “Навои” өткөрмө бекети.
Буга чейин эки тарап өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн төрт кошумча соода коридорун ачууну пландап жатканы маалымдалган.


















