12-мартта Эммануэль Макрон Шавкат Мирзиёевди Парижде жылуу тосуп алып, расмий жолугушуудан кийин жогорку деңгээлдеги эки тараптуу негизги сүйлөшүүлөр боло турган Франциянын президентинин резиденциясы Елисей сарайына барышты.
Бул маалыматты Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Өзбек лидеринин басма сөз катчысы Шерзод Асадовдун маалыматына караганда, Елисей сарайында өткөн жолугушууда Шавкат Мирзиёев Эммануэль Макронго француз жазуучусу Виктор Гюгонун өзбек тилине которулган «Күлүүчү адам» романынын биринчи нускасын тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстан менен Франциянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча Биргелешкен декларациядан тышкары, адистердин жана студенттердин мобилдүүлүгү, өзбек-француз университетин түзүү, Ташкент менен Париждин өнөктөштүгү жана башка бир катар документтерге кол коюлду.
Шерзод Асадов белгилегендей, эки тараптуу кол коюлган документтердин тизсеси төмөнкүлөр:
- Адистердин жана студенттердин мобилдүүлүгү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу;
- Өзбек-француз университетин түзүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу;
- Реадмиссия жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу;
- Өзбекстандагы алдыңкы француз компаниялары менен 6,5 миллиард евро өлчөмүндө кызматташуунун келечектүү долбоорлорун ишке ашырууну караган инвестициялык жана инновациялык чөйрөдөгү кызматташтык программасы;
- Тышкы иштер министрликтеринин 2025-2026-жылдарга кызматташуу программасы;
- 2026-2030-жылдарга Франция өнүктүрүү агенттиги менен кызматташуу программасы;
- Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу;
- Эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу жөнүндө декларация;
- Саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө декларация;
- Француз тилин окутууну кеңейтүү жөнүндө протокол;
- Музыка, кино жана театр тармагындагы кызматташтык жөнүндө декларация;
- Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү фонду менен Маданият министрлигинин, Франциянын Улуттук маданий мурас институтунун жана Франциянын Борбордук Азияны изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу келишимдери;
- Ташкент жана Париж шаарларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жөнүндө протокол, ошондой эле башка эки тараптуу документтер.




















