Казакстандын Сарыагаш станциясында жашылча-жемиш ташыган 43 вагон тыгылып, чек арадагы фитосанитардык текшерүү узакка созулгандыктан тоңуп, чирий баштаганын КТК телеканалы билдирди.
Ишкерлердин айтымында, жүк Өзбекстанга январдын орто ченинде сатылып, экспортко тыюу салуу киргизилгенге чейин бардык керектүү документтер толтурулган. Бирок чек арадан поезд 10 күндөн ашык убакытка созулган текшерүү үчүн кармалган. Бул аралыкта вагондордогу картошкалар тоңуп, эригенден кийин бузула баштаган.
«Картошка чирип калган, суу ансыз деле агып жатат. «Бир вагондо 68 тонна бар, бирок азыр ал малга берүүгө да жараксыз», – дейт ишкерлердин бири.
Жергиликтүү акимчилик бузулган товарды жарым баасына сатып алууну сунуштаган, бирок бул алардын чыгымын жаппагандыктан, ишкерлер баш тартышкан.
Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги текшерүү иштери аяктап, чек арадан өтүүгө эч кандай тоскоолдук жок экенин билдирди.
Зыян тарткан беш компаниянын өкүлдөрү фитосанитардык текшерүүнү кечиктирүүгө күнөөлүү аткаминерлерди сотко бермекчи.
Сүрөт: Видеодон алынган


















