Иран башка өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирбейт. Ирандын өзөктүк курал жасоо ниети жана каалоосу жок.
Бул тууралуу Ирандын вице-президенти Мохаммад Жавад Зариф Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында сүйлөп жатып билдирди.
“Эгер биз атомдук бомбаны жасагыбыз келсе, анда аны эбак эле жаратмакпыз. Ядролук курал эл аралык көзөмөлдөгү объектилерде эмес, жашыруун лабораторияларда жасалат. Тынчтык жол менен чечүүнүн жактоочулары катары биз Ирандын өзөктүк бомбага ээ болушуна саналуу күндөр калды деп ырастагандардын Иранга кеминде 15 жыл өзөктүк курал жасоосуна тыюу салган өзөктүк Келишимди колдобогонуна таң калып жатабыз”, – деди ал.
Муну менен ал америкалык журналист Фарид Закариянын Тегеран массалык кыргын салуучу куралды жасоого жакындап калды деген АКШнын чалгындоо коомчулугунун маалыматтарына комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берип.
Зариф кээ бир мамлекеттер Иранды коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.
“Иран коопсуздукка коркунуч келтирбейт. Иранофобия, исламофобия, мисалы, Газадагы геноцид сыяктуу саясаттарды ишке ашыруу үчүн курал болуп саналат”, – деди ал.
Зариф ошондой эле Ирандын аймактагы алсыздыгы боюнча кептерди четке кагып, Иран-Ирак согушу учурунда Иракка жардам берген бардык ири державалардын колдоосуна карабай Иран анда каршылык көрсөткөнүн эске салды.
“Бул 220 жылдан бери биринчи жолу согуш учурунда Иран өз аймагынын бир карыш жерин да жоготпогон учур”, – деп баса белгиледи ал.
Ал ошондой эле аймактагы каршылык көрсөтүү топтору эч качан Ирандын атынан иш жүргүзбөгөнүн белгиледи.
«Биз элдердин укуктарын жана алардын өз тагдырын өзү аныктоо укугун колдойбуз, бирок Палестина менен Ливандын каршылык көрсөтүүсү эч качан Ирандын көрсөтмөлөрү боюнча жасалган жок. Бул топтор өз идеалдары үчүн күрөшүп жатышат”, – деп кошумчалады вице-президент.
Мындан тышкары, Зариф Иран коңшу өлкөлөр менен диалогго жана кызматташууга дайым даяр экенин баса белгиледи.
“Батыш Азия диалогу ассоциациясынын” механизмин түзүү сунушу Ирандын аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүккө умтулуусун көрсөтөт. Иран аймактык коопсуздукка коркунуч келтирбейт, тескерисинче, ар дайым коңшулары менен кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө умтулат”, – деп билдирди Зариф.
20-24-январь аралыгында Давосто Дүйнөлүк экономикалык форум өтүүдө. Бул жылы ал “Интеллектуалдык доордо кызматташуу” деген темада өтүп жатат. Талкуулар геоэкономикалык белгисиздикти, жасалма интеллектти, өсүштү кайра карап чыгууну жана планетаны коргоону жана башка маселелерди камтыйт.
Буга чейин конференцияга 130дан ашык өлкөдөн 3000дей адам катышары маалымдалган.















