Облустук гезиттер жана аларды өнүктүрүүнүн стратегиясы. Ушундай аталыштагы облустук гезиттердин редакторлорунун кезектеги кеңешмесм Ысык Көлдө өттү. Ага, башкы редакторлор менен кошо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен тармакты жетектеген өкүлдөр Салкын Сарногоева, Бектур Ибрагимовдор катышты.
Гезит бул мамлекеттик саясатты, улуттук идеологияны алыскы аймактарга жайылтуучу эң маанилүү маалымат каражаты. Ошондуктан гезиттерди мезгил талабына жараша өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө кеңири сөз болду.
Кеңешмеде айтылгандай, азыр облустук гезиттер учур талабына жараша соц. тармактарда өздөрүнүн фейсбук баракчаларын, сайттардын жана ютуб каналдарын ачышып, эң маанилүү маалыматтарды тарата баштады. Ошого удаа эле, гезиттердин нускасын көбөйтүп, окумдуулугун арттырышууда. Айрымдардын “гезиттердин кереги жок” дегендерине карабастан, коом үчүн гезиттер керек. Гезит бул тарых, архив керек болсо элдин алиппеси. Жазма жана сүйлөө маданиятыбызды өнүктүрүүчү билим ордосу десек да ашыктык кылбайт. Андан да маанилүүсү, облустук гезиттерсиз мамлекеттик саясатты аймактарга толук кандуу жеткирүү кыйын. Анын үстүнө азыр гезит окугандардын чоң армиясы турганда, аларды жойуп салуу тарыхый чоң катачылык.
Мындан тышкары кеңешмеде ушул жана башка уюштуруу маселелер каралды. Буюрса, жети дубандын башкы редакторлору биргелешип, “ГезитТВ” жана бирдиктүү сайт ачуу боюнча бир пикирге келишти. Күн өткөн сайын кулач жайып, өнүгүп жаткан облустук гезиттер өзүнүн оперативдүүлүгү менен да өзгөчөлөнүп, өлкө үчүн маалымат таратуучу чоң булак болуп калды. Азыр айрым республикалык маалымат каражаттары аймактагы ыкчам жайылтылган жаңылыктарды аймактык гезиттердин сайтынан ала баштагандыгын эске алсак, гезиттердин соцтармактагы кадамдары да жемиштүү башталды.
Азыр, “Ош жаңыргы” менен ” Теңир тоонун” сайттары ачылып, кадимкидей иштеп жатышса, калган гезиттер дагы сайттарын ачуу алдында турушат.
Жыйындын соңунда башкы редакторлор министр Алтынбек Максутов менен да жолугушуп, ушул жана башка гезитке байланышкан маселелер боюнча пикир алышты.