Эми Көлгө барган туристтер каалагандай эс алышат.
Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.
Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тургундарынын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо, алардын пляж аймактарына эркин кирүүсүн камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу терс кесепеттерди болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
“Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункттун үчүнчү абзацындагы “ачылуучу калиткалары жок жана” деген сөздөр алып салынсын.
Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Белгилей кетүүчү жагдай, Ысык-Көлдөгү пляждардын ортосуна темир тосмо, дубал же торлорду орнотуу эс алуучу туристтер үчүн ыңгайсыздык гана жаратпастан, ар кандай кырсыктардын келип чыгуусуна да алып келүүдө. Мисалы, кайык же катерлер сүзүп баратып аларга урунуп алган учурлар көз кездешет.