Ирандын волейбол боюнча курама командасы Өзбекстандын Фергана шаарында өтүп жаткан Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) Улуттар лигасынын алкагында Пакистандын курамасын 3:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Бул тууралуу ISNA агенттиги маалымдады.
CAVA Nations League турнири өткөн аптада Ферганада жети команда чогултуп, биринчи этапта эки топко бөлүнгөн. Биринчи топко төрт команда – Ирандын, Өзбекстандын, Индиянын жана Түркмөнстандын командалары, экинчи тайпага үч команда – Казакстан, Кыргызстан жана Пакистандын командалары кирген.
Иран буга чейинки беттештеринде Индияны 3:1, Түркмөнстанды 3:1, Өзбекстанды 3:0 жана Казакстанды 3:0 эсебинде утуп алган.
Бул тайпанын башка беттешинде Индия курамасы Казакстанды 3:2 эсебинде жеңип, турнирдик таблицадагы экинчи команда катары финалдык беттешке чыкты.
Эми 4-июнда финалдык беттеште Иран менен Индия ойнойт. Казакстан үчүнчү орун үчүн Пакистан менен ат салышат. Ал эми Кыргызстандын волейболчулары 5-орун үчүн Түркмөнстан курамасы менен беттешет.

















