Мальдив аралдарында өтүп жаткан волейбол боюнча CAVA Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде кыргызстандык “Бишкек” командасы казакстандык “Жайык” командасы менен беттешип, жеңилип калды.
Оюн 23-июлун кечинде өттү.
Финалдык беттеш 3:1 эсеби менен жыйынтыкталып, Казакстандын учурдагы чемпиону “Жайык” клубу 13 упай менен алтын медалды алышты.
Ал эми “Бишкек” 11 упай менен күмүш медалдын ээси болду. Аны менен катар Өмүрбек Жунусовго – “Мыкты чабуулчу”, Нурислам Медетбековго – “Мыкты тосмочу” наамы ыйгарылды.
Бул оюндарга чейин, тактап айтканда, 5-турдун алкагында, аталган эки команда 22-июлда беттешип, оюндун эсеби 3:0 болуп, казакстандык команданын жеңиш менен аяктаган. Бирок “Бишкек” командасы катары менен 4 оюнду жеңип, 11 упай менен тайпада биринчи орунга чыккан. Анда Help Nepal SC (Непал), Dhivehi Sifainge (Мальдив аралдары), Port Authority (Шри-Ланка) жана HDC (Мальдивы) командаларын жеңген болчу.
Ал эми непалдык HNS командасы 3-орунду алса, 4-орунга шри-ланкалык команда татыктуу болду.




















