Кыргызстан 1991-жылы эгемендүү өлкө катары таанылган менен мурдагы Союз учурундагы завод, фабрикалар дээрлик баардыгы талкаланып, менчиктештирилип, таланып-тонолгон. Анын кесепетинен миңдеген жумушчулар көчөдө калып, күнүмдүк жашоосу кыйынчылыкка туш болду. Мына ушул жаш мамлекетибиз экономикалык жактан оор экономикалык кризиске туш келген учурда мурдагы ири текстиль фабрикаларынын ордуна көптөгөн жеке менчик тигүү цехтери ачылып, өзгөчө кыз-келиндер жумуш менен камсыз болушту.
Заман талабына, рынок шартына ылайык бул отуз жылдын аралыгында көптөгөн жеке менчик цехтер бутуна туруп, ирилешип, мурдагы жер үйлөрдүн жертөлөсүнө батпай калды. Башкача айтканда, мурдагыдай көмүскө иш жүргүзүп, салык төлөөдөн качпай, мамлекетке тиешелүү соцфонд жана башка төлөмдөрдү жүргүзүп, бюджетке да аздыр-көптүр салым кошо башташты. Бир чети алардын ушул жана башка товарын негизги сатып өткөрүү рыногу болуп саналган Россияга ташып жеткирүүнү, социалдык башка да көйгөйлөрүн чечүү үчүн 2005-жылы “Легпром” Ассоциациясы түзүлгөн.
Республикабыздын миңдеген тигүү тармагында эмгектенген ишкерлеринин башын бириктирген бул уюм мамлекетке жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Өз кезегинде Өкмөт да жок дебей, 2017-жылдын 23-июнундагы №403 токтому менен Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынан 40,74 гектар жерди 49 жылга ижарага бөлүп берген.
“Легпромдун” жетекчиси Сапарбек Асановдун айтуусунда, бул аянтка баардык заманбап жабдыктар орнотулган тигүү фабрикаларынан тышкары 2 миң жумушчуга ылайыкталган убактылуу жатакана, административдик имарат, көргөзмө залы, спорт комплекс, машина токтотуучу жай, откана, мечит, парк, логистикалык борбор, жаш тигүүчүлөрдү кесипке үйрөтүүчү окуу борбору жана башка инфраструктуралар кошо салынмак.
Бул демилгени колдоого алган 11 жеке ишкер бул курулуш иштерин баштоо үчүн баардык тиешелүү документтерди даярдап, алды фабриканын жерпайын куруп жатат. С. Асановдун маалыматы боюнча, ортодо КОВИД-19 пандемиясынан улам киргизилген карантин ишке бир топ тоскоол болуп, тигүү цехтеринин продукциясы сыртка сатылбай калды. Ошондуктан алар негизги киреше булагынан ажырап, ага карабай, бүгүнкү күндө 40 гектардан ашык аянттын тегереги тосулуп, 2,5 км. жол салынып, көмөкчордон орнотулуп, жалпысынан 270 млн. сомго жакын каражат жумшалды. Бул мамлекеттин же чет өлкөдөн карызга алган инвесторлордун эмес, кыргызстандык жеке ишкерлердин өз чөнтөгүнөн жумшаган акчасы. Ошентип, буюрса 1-2 жылдын ичинде республикабызда эң ири Технополис толук ишке киришип, сегиз миңден ашык адам жумуш менен камсыз болот. Ошол эле учурда бюджетке да салык төлөнүп, өлкөбүздүн экономикасына салым кошулмак.
Бирок ушул чоң курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишкерлерге үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Садыковдун колу коюлган кат жөнөтүлүп, алардын демин суутуп койду. Анда келишимде көрсөтүлгөн 1.4 пункттун аткарылбагандыгы жүйө келтирилген. Ал белгиленген мөөнөттө “Легпром” тарабынан курулуш иштери бүткөрүлүп, ишин баштабагандыгы экен. С. Асанов келишимде эч кандай курулуш иштерин качан, кандай мөөнөттө бүткөрүү каралбагандыгын айтууда.
Бул жагдай боюнча ишкерлер өздөрү мындай жоопторду айтышты:
Бурулайым Саматова, “Рух” тигүү фабрикасынын ээси:
– Мен жеңил өнөржай тармагында 1990-жылдан бери иштеп келатам. Бир чети өзүмдүн кесибим тигүүчүлүк, Союз учурунда Өзбекстандан атайын бул багыттагы окуу жайынан билим алып келгенмин, тигүүчү-технологмун. 2014-жылдан бери “Легпром” ассоциациясынын мүчөсү боломун. Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, тигүүчүлүк менен алектенип келатам.
2017-жылы бизге Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн аймагынан жер бөлүнүп берилет дешкенинен жакшы үмүт менен ошол жакка жеке каражатыбызды жебей-ичпей чогултуп, заманбап шарты бар фабрика салып, дүйнөлүк деңгээлдеги продукцияларды чыгарып, Кыргызстандын да атын чыгарсак деп курулуш ишин баштаганбыз.
Чындыгында курулуш ишинин өзүн баштагандан да документтерин даярдоого көп убактыбыз менен каражатыбыз кетти. Тиешелүү салыктарын да төлөп, быйыл курулуш иштерин баштаганбыз. Биз бул учурду өтө чыдамсыздык менен күткөн элек. Ага чейин эле курулуштун 30-40 пайызын бүтүрүп койгонбуз.
Тилекке каршы биздин ишибизди түшүнүксүз себептер менен эле токтотуп коюшту. Азыр аябай кыжаалат болуп жатабыз. Ошондуктан ушунча жумшаган каражатыбыз текке кетип, күйүп калабызбы деп кабатыр болуп турган учурубуз. Өкмөт башчыларыбыз биздин жагдайыбызды туура түшүнүп, колдоо көрсөтөт деген үмүтүбүз бар.
Нуржамал Толубаева, “Монолиза” тигүү фабрикасынын жетекчиси:
– Биз бери дегенде эле 18-19 жылдан бери тигүү тармагында эмгектенебиз. Атыбыз жеңил өнөр жайы деп аталган менен чындап келгенде оор өнөр жай. Ушул аралыкта чакан жайда жумушчуларыбыз, алардын балдары менен батпай, тыгылып келатканбыз. Ошондуктан 2017-жылы Технополис өнөр жай зонасына жазылып, биз да кеңейсек, өнүгүп-өсүп жогорку деңгээлге чыксак, продукциябызды чет мамлекеттерге жеткирсек деген максат менен бул ишти баштадык эле.
Бизге бүгүнкү күндө чет мамлекеттерден өтө чоң көлөмдөгү буюртмалар келүүдө. Жалпы эле өлкөбүздүн тигүү тармагы жакшы өнүгүп, суроо-талап абдан эле көп болуп жатат. Андыктан бир нече чакан ишканалар ар кимибиз ар кайсы жертөлөдө жашынып отура бербей, бир жерге чогулуп, биригип, чоң буюртмаларды алып, дүйнөлүк рынокко чыксак деген максатты көздөдүк эле.
Бул курулушка өзүбүздүн тапкан пайдабыздан тышкары банктардан кредит да алган элек. Биз баарыбыз эле буга чейин документ иштерин жасап, бүтүрүп, быйыл жазында курулуш иштерин баштаганбыз. Эми алдыбыз бир жылдын ичинде жаңы фабриканы бүтүрүп. Жаңыча иштей баштайбыз деп турганбыз. Бирок айыл өкмөтүнүн келишимди бир тараптуу бузуу тууралуу каты түшүнүксүз болуп калды. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров биздин ушул көйгөйүбүздү туура жагына чечип берет деп көптөн көп суранабыз.
Юрий Зорин, “ZORIN” ЖЧКнын жетекчиси:
– Биз бул ишти баштагандан мурда көптөгөн мамлекеттердин тажрыйбаларын иликтеп көрдүк. Мисалы, Вьетнам, Түштүк, Корея, Түркия сыяктуу текстиль тармагы өнүккөн өлкөлөрдө тигүү фабрикалары шаардын сыртына чыгарылган. Албетте, биз алардын долбоорун түздөн-түз эле көчүрүп албастан, өзүбүздүн реалдуу жагдайга ылайыктап түзүп чыктык. Мисалы, баардык эле ири мегаполистерде машина токтотуучу жайлар түбөлүк көйгөй болуп саналат. Бирок чакан тигүү цехтери биригип, шаардын сыртына чыгуу чечимине келдик.
Биз биргелешкен ишкана ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканбыз. Бирок Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн келишимди бир жактуу жокко чыгаруу боюнча катынан кийин инвесторлор да токтоп калышты. Чындыгында Технополис куруу долбоору жөнөкөй эмес, өтө көп каражаттан тышкары убакытты да талап кылат. Буга чейин уруксат документтери менен алектенип, быйыл гана курулуш иштерин баштаганбыз. Ошондуктан урматтуу Президентибиз биздин жагдайыбызды туура түшүнүп, өлкөгө да, ишкерлер үчүн да пайдалуу чечим чыгарып берет деп ишенебиз.
Саламатхан Иманалиева, “Датка” тигүү ишканасынын жетекчиси:
– Мен деле жыйырма жылдан бери тигүү цехин иштетип, өзүбүз үчүн да, мамлекетке да пайда келтирип келатам. Жогоруда айтылган кесиптештеримдин баардык сөзүнө кошулам жана мамлекет башчыларыбыздан туура чечим кабыл алып берет деп үмүт кылабыз.