Текстил тармагынын баардык эле мамлекеттердин экономикасына кошкон салымы чоң болуп саналат. Өзгөчө нефть, газы жок бизге окшогон мамлекеттерде тигүү цехтери мамлекет менен элдин турмушуна ошол табигый кен байлыктардай эле пайда алып келет. Аны алыска барбай эле кошуна Кытайдын, боордош Түркиянын мисалынан эле билсек болот. Бүгүнкү күндө мына ушул эки мамлекеттин тигүүчүлөрү газы, мунайы, ал тургай алтыны жок туруп эле дүйнөлүк рынокту багындырып, байпактан баштап, костюм-шым, төшөк-жууркан, аялдардын жалтыраган көйнөгү, көз жоосун алган кымбат пальтолоруна чейин тигип, текстиль рыногунун лидерине айланышты. Анан албетте, өз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүп, миңдеген жумуш орундары түзүлдү, бюджетин акча-валютага толтурду. Ал эми азыркы алдыңкы мамлекеттердин бири болуп саналган Англияда да алгач мануфактура пайда болуп, силезиялык токуучулар жип ийрип, андан жеке менчик фабрикалар кийим-кечелерди тигүү менен өнүккөн.
Кыргызстан да өткөн кылымдын 90-жылдарында капыстан эле социалисттик системадан капитализмге кабылып, рынок заманынын катаал жашоосуна кабылып, мурдагы гигант завод, фабрикалар кыйрап, анда иштеген жүз миңдеген жумушчулар ишсиз калганда дал ушул текстиль тармагы өнүгүп, карапайым калк өз тиричилигин өзү өткөрө баштаган. Баарынан да кыз-келиндер жумуш менен камсыз болушуп, бала-чакасын, үй-бүлөсүн багуунун жолун табышты. Албетте, кыргыз тикмечилери алгач жөнөкөй, арзан буюмдарды тигишип, аны негизинен Россиянын Сибирь аймагына сатып келишсе, бүгүнкү күндө Made In Kyrgyzstan деген бренд тагылган текстил буюмдары Москванын, Европанын ири супермаркеттеринде сатылууда. Демек, кыргызстандык тигүүчүлөр бир орунда эле туруп албастан, заман талабына ылайык өнүгүп-өсүүдө.
Ошол эле учурда мурда жеке үйлөрдө, ошол үйлөрдүн жертөлөсүндө иштеген 10-15 тигүүчүлөрдүн саны 100-200гө жетип, чакан фабрикаларга айланышууда. Себеби чет өлкөлөрдөн көп сандагы буюртмалар түшүп жатат. Иш жүзүндө Бишкектин жарымы болбосо да, үчтөн бири тигүү цехине айланып, көчөлөрдө “Тигүү цехине тажрыйбалуу кыздар керек! Маянасы жума сайын төлөнөт, тамак-ашы бекер, кечинде үйгө жеткирип коёбуз”,- деген жарнамалар жайнап кетти. Бирок акыркы 1-2 жылда тигүү цехтери республикабыздын айыл жерлеринде да пайда болуп, бүгүнкү күндө тигүүчүлөр жетишпей жатат. Айланып келип, жеке менчик тигүү ишканалары өлкөбүздөгү жумушсуздук көйгөйүн чечип, бюджетке да аздыр-көптүр салым кошуп жатат.
Экономиканын мыйзамы боюнча, чакан ишканалар биригип, корпорацияга айланганда гана өнүгүп, дүйнөлүк рынокко чыга алат. Анткени чет өлкөдөгү ири соода түйүндөрү майдалап отурбай, дүңүнөн гана буюртма беришет. Бул алардын өздөрүнө да, тигүүчүлөргө да пайдалуу. Себеби сатып өткөрүү түйшүгүнөн арылып, жалаң өндүрүш менен гана алектенишет. Ошон үчүн алар бир жерге топтолуп, бир буюртманы алып, максаттуу, пландуу иштешүүсү зарыл.
Ушул рынок талабын эске алуу менен республикабыздагы жеңил өнөржай тармагында эмгектенген жеке ишкерлердин башын бириктирип, укугун коргоп, аларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында 2005-жылы түзүлгөн “Легпром” Ассоциациясынын өкүлдөрү “Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис” ачуу демилгеси менен Өкмөткө кайрылган.
Кыргыз Өкмөтү ага жооп кылып, экономикабыздагы артыкчылыктуу багыт болгон жеңил өнөр жай тармагындагы орто жана чакан ишканаларды колдоо максатында 2017-жылдын 23-июнундагы № 403 токтому менен Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагындагы жалпы аянты 40,74 га жерди кездеме жана тигүү өндүрүш тармагындагы курулуш үчүн ижаралык келишим шартында 49 жылга берген.
“Легпром” ассоциациясы ишке ашыра турган “Технополистин” мыйзамда көрсөтүлгөн бардык төлөмдөрүн төгүп, генералдык планын иштеп чыккан жана аны тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жактырылып, куруу иштери башталган.
Бирок ага карабастан учурда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл өкмөтү өзүнүн үстүбүздөгү жылдын 1-августундагы катында (№01-16/1028) катында Өкмөт тарабынан 49 жылга ижарага берилген жерди келишимдеги 1.4-пунктун аткарган жоксуңар деген жүйө менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарып жатканын билдирген.
Ошол эле учурда Чүй областынын мамлекеттик архитектура-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы аталган айыл өкмөтүнүн катын негиз кылуу менен “Технополистин” курулуп жаткан ишканаларынын курулуштарын токтотуу боюнча билдирмесин беришти.
Ошондуктан “Легпром” Ассоциациясынын “Технополисти” куруп жаткан өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылууга аргасыз болушууда.
Бул жагдай боюнча “Легпром” Ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов буларды билдирди:
– Советтер Союзунун учурунда эле жеңил өнөр жай тармагы абдан өнүккөн тармак болуп эсептелчү. 1990-жылдардан кийин өлкөбүздөгү 57 ири фабрикалардын ордуна орто, чакан тигүү цехтери Кыргызстанда өнүгүп баштаган. Акыркы жыйырма жылдын ичинде тигүү тармагы бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасын түзө турган алты тармактын бири болуп эсептелет. Андан сырткары артыкчылыктуу төрт тармактын да бири болуп саналат. Ошол артыкчылыктуу тармактардын ичинен 90%дан өйдө продукциясын экспортко багыттаган жалгыз тармак деп эсептесек да болот. 1990-2000-жылдардан берки мезгилден кийин жаңы кадамдар жасалып, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүү менен 2004-жылы январь айында “Легпром” Ассоциациясынын түзүлгөн.
Бул бирикменин түзүлүүсүнүн негизги максаты – өкмөт тарабынан ишкерлерди колдоо, ошондой эле алар өндүргөн продукцияны рынокко жайылтуу максатында иштеп келатабыз. Тиешелүү шарттар түзүлгөндүктөн, бүгүнкү күндө бир топ ийгиликтерге жетиштик. Эгер өткөн жылдагы көрсөткүчтү эле ала турган болсок, жалпы өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 9 млрд. сомдон ашык болду. Бирок ошол эле учурда биздин тигүү тармагынын бир өзгөчөлүгү – 80%дан ашыгы орто, чакан бизнестин өкүлдөрү, кичинекей, чоң эмес цехтер. Негизги стратегиялык рынок Россия болуп эсептелет. Мындан башка Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө да экспорттойбуз. Бирок ал жактагы кардарлардын талаптарын эске алып, өздөрү да сыртка чыгышып, кичинекей ишканаларды чоң-чоң өндүрүш зоналарына айлантуу эртеңки келечектин жолу экендигин билип, көп жылдардан бери Өкмөткө кайрылып, өндүрүш зоналарын куралы, орто, чакан ишканаларды ири ишканаларга айланталы деген максатта Өкмөткө кайрылганбыз.
Өз кезегинде Өкмөт тарабынан атайын өндүрүш зонасын куруу үчүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн аймагынан 40, 74 гектар жер бөлүнүп берилген. Тиешелүү Токтом чыккандан тартып, “Легпром” Ассоциациясынын мүчөлөрү болуп саналган ишкерлер, тигүү ишканаларынын жетекчилери биригип, тийиштүү төлөмдөрдү мамлекетке төлөшүп, андан сырткары ошол жерди 20-18-жылдын 1-августунан тартып ижарага алышкан. Ошол күндөн тартып мыйзамды бузбастан, баардык иштерди жасап, генералдык планды иштеп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдардын макулдугун алдык. Андан сырткары негизги көйгөйүбүз болгон жумушсуздардын жетишпегендиги болуп саналат. Көпчүлүгү аймактардан келип иштешет. Ошондуктан биз өндүрүш зонасында жалаң гана текстил ишканалары жайгашпастан, эки миңге жакын бул жерде иштеген тигүүчүлөргө убактылуу жатакана куруп берүү да пландаштырылган. Ошондой эле окутуу, медициналык борборлор, спорт комплексти куруу каралган.
Бул жер жөн эле ээн талаа болуп, электр энергия, жол да жок болчу. Ошондуктан биз инвестиция тартып, бүгүнкү күндө ошол жерде 110 кВт кубаттуулуктагы көмөкчордон да курулууда. Буга чейин тийиштүү документтерди жасап, 2023-жылдан тартып негизги курулуш иштери башталды. Көбүрөөк иштерди аткарат элек, бирок өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргызстанда да дүйнө жүзүндө болгондой КОВИД-19 болду. Пандемия учурунда кээ бир ишканалар такыр эле жабылып калды. Себеби продукция сатылбай, 30%га чейин өндүрүш төмөндөп кетти. Ишкерлердин кирешеси ошол саткан продукциясынан түшөт. Ошондуктан пандемия учурунда ишибиз бир топ үзгүлтүккө учурады. Эгер пандемия учурунда көп иштерди жасайт элек.
Ошол эле учурда өндүрүш зонасын тегерете 2500 метрлик забор куруп чыктык. Анткени иштеп жаткан ишкерлерди талабы боюнча, алардын алып келген жабдыктары жоголбош үчүн тегереги тосулуш керек экен. Андан тышкары ар бир ишкананын долбоорун түзүп чыктык. Бул долбоорлордун баарын бүтүрүп, быйыл жайдан баштап куруп баштадык.Бүгүнкү күнү жалпы эсеп менен 11 ишкер бул долбоорго катышууда. Азыр 9 объект курулуп жатат, жакында дагы эки объект курула баштады. Жалпысынын ишканалардын 40%ы курулуп калды. Бир эле көмөкчордондун баасы 119 млн . сом. Бүгүнкү күндө бул сумманын 40 млн. сому өздөштүрүлүп калды. План боюнча октябрь айынын аягына чейин өндүрүш аймагын электр энергиясы менен камсыз кыла турган чоң көмөкчордон болуп саналат.
Мындан тышкары ар бир ишкер өзүнүн долбоорлорун бүтүрүп, тиешелүү мамлекеттик мекемелерден уруксат кагаздарын алып, курулуш иштерин баштоо менен алды 40 млн. , арты 15-20 млн. сомдук жумуштарды аткарып, бүгүнкү күнү инфраструктурага, забор курганга, башкы планды эсептеп чыкканга, жердин катмарын изилдеп чыкканга да 30 млн. сом каражат жумшадык. Андан сырткары курулуп жаткан ишканаларга ар бир ишкердин кошкон салымы 104 млн. сомдон ашык болду. Бирок курулуш компаниялар менен түзүлгөн келишим болсо, бул жалпысынан 275 млн. сомду түзөт.
Бирок биз деле жаздын алдында айыл өкмөткө кат жолдогонбуз. Анда баардык мамлекеттердей эле бизде да КОВИД-19 болгондугу белгиленген. Мен башында айтып өткөндөй, биздин продукция негизинен экспортко багытталган. Башкача айтканда, айрым атаандаш мамлекеттер менен конкуренция болуп, өзүбүздүн продукцияны сатып, ошол акчаны өлкөбүзгө алып келип, салык, айлык акы төлөө менен өз ишибизди жүргүзөбүз. Бирок пандемия учурунда баардыгыбыз жакшы билгендей, чек аралар жабылды, чектөөлөр болду. Бул биздин ишибизге түздөн-түз таасирин тийгизди. Мына ушул жагдай эске алынса деген жагдайда биз айыл өкмөткө кат жолдогонбуз. Тилекке каршы август айынан тартып, айыл өкмөт бизге кат жолдоду. Негизи биз 2017-жылы бул жерди 49 жылга алганбыз. Бирок айыл өкмөт бизге бир тараптуу кат жолдоп, келишимдеги 1.4 пунктту аткарган жоксуңар деген жүйө менен келишимди бир тараптуу бузабыз деп жатат.
Ошол эле учурда ушул катты негиз катары кабыл алып, Чүй аймактык мамлекеттик архитектуралык башкармалыгы тарабынан жумушуңарды токтоткула, курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт деген катты жиберди. Ошондуктан түшүнүксүз абалда калдык. Бул каттар негизсиз. Ошондуктан бүгүн бул долбоорду бирге ишке ашырып жаткан ишкерлер менен биргеликте, “Легпром” Ассоциациясынын жасап жаткан иштерин эске алуу менен Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровго Кайрылганга туура келди. Анткени биз тараптан жасалып жаткан иштердин баардыгы түшүнүксүз болуп жатат. Мен ойлоймун, кээ бир мамлекеттик органдардын бизге карата мамилеси Садыр Нургожоевич жүргүзүп жаткан иштерге такыр туура келбейт. Андыктан биздин үнүбүздү угуп, мыйзам жолунда чечип берет деген чоң үмүт менен кайрылып жатабыз.