Быйыл өлкөбүздүн өнөржай жана кайра иштетүү тармагында бурулуш мезгил болуп, бир топ атамекендик ишканалардын курулуусу пландаштырылууда. Бул багытта Министрлер Кабинетинин 26-январда өткөн жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын аймагында жайгашкан 10 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомун бекитти.
Аталган жер участогуна жаңы фабриканын, жип ийрүү, трикотаж, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пахтачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда.
Белгилей кетүүчү жагдай, акыркы жылдары республикабызда текстил өндүрүшү жанданып, миңдеген жумуш орундары түзүлүүдө. Алар продукциясын негизинен Россиянын ири шаарларына сатышат. Ал тургай квалификациялуу жумушчулар жетишпегендиктен, айрым тигүү ишканаларынын ээлери тигүүчүлөрдү Бангладеш жана башка Чыгыш мамлекеттеринен чакырып келип иштетишүүдө.

















