Акыркы кезде Кыргызстандын экономикасынын бир өңүрүн көтөргөн тигүү тармагы кыйынчылыкка кабылып турат. Өлкөнүн жеңил өнөр жайынын башкы өнөктөшү болгон Россиянын чек арасынан товарларды алып өтүүдө жаралган көйгөйлөрдөн улам, продукция көздөгөн жерине жетпей, жеке ишкерлер бир топ кыйынчылыктарга туш болушууда. Мурда күрүлдөп иштеп жаткан кийим тигүү цехтери биринин артынан экинчиси жабылып жатат. Ишкерлер эгер өкмөт чукул арада антикризистик план иштеп чыкпаса, экономика чоң жоготууга учурай турганын айтышууда.
Ал эми чакан тигүү цехтеринин ээлери колдо калып калган товарларын Бишкектин ири базарлары менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган жарманкелерге алып чыгып, кеткен чыгымынан төмөнкү баада сатууга мажбур болушууда.
Бул маселе боюнча Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациянын жетекчиси Дилорамкан Дүйшөбаевага кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду.
“Азыркы учурда электрондук соода жүргүзүү жана кошумча нарк салыгын төлөө боюнча эч кандай механизмдер иштелип чыкпагандыгы үчүн, Кыргызстандын тигүү тармагында эмгектенген ишкерлер товарларын Wildberries ири россиялык онлайн-маркетплейсине саткандыгына байланыштуу бир канча кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Буга Россия тараптын электрондук соода боюнча мыйзамынын жана эч кандай интрукциянын жоктугу да себеп. Башкача айтканда, Россия биздин товарды чек арада кармап турганы менен өздөрү да даяр эмес экени акыркы учурларда далилденип калды.
Жаңы-жылдын алдында Кыргыз Экспорт уюштурган ЕЭК, Салык комитети, Wildberries өкүлдөрү логистикалык компания менен Легпром ассоциациянын директору, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынан мен катышып, онлайн, офлайн форматындагы жыйын болуп өткөн. Буюрса 70-80 % чечилип калды десем туура эле болот”,- деди Д. Дүйшөбаева.

Анын айтуусу боюнча, документациялоодогу көйгөй буга чейинки эреже бузууларга байланыштуу болгон. Сертификациянын өзүнүн эрежелери бар. Мурдараак эрежелер сакталбай, сертификатты туура эмес жасаган учурлар болуп келгендигинен улам Россия бир катар талаптарды койгон. Кыргызстандагы тигүү тармагындагы ишкерлерге “Кыргызтест” менен “Кыргызстандарт” мамлекеттик мекемелеринен сырткары дагы бир канча аккредитацияланган органдар сертификаттарды берип жүргөн.
Мисалы, Казакстан 25%, Россия 25 % сертификат берсе, ал эми Кыргызстандан 50 % берилген. Булардын көпчүлүгу жараксыз болуп, Россиянын койгон талаптарына жооп бербегендиктен бирден текшерип башташкан.
Кыргызстандын тигүү тармагынын продукциясы негизинен Россияга экспорттолот. Аталган өлкөдө азыр онлайн соода өнүгүп, маркетплейстер алдыңкы катарда. Тигүү жаатындагы ишкерлер ал жакка өздөрү чыгышат же ортомчулар аркылуу сатышат. Wildberriesке чыгуу – заман талабына айланган, бирок азыр ал кыйынчылык менен коштолууда. Кыргызстандык тигүү тармагында иштеген элдин жумушсуз калып жаткандыгынын дагы бир себеби – товарлардын көпчүлүгү чек арада турат.
“Өткөн жылдын ноябрь айында Россиянын президенти В. Путин Кыргызстанга келген учурда да бул маселе көтөрүлгөн. Бирок тигүү тармагы боюнча өзгөчө экспорт маселеси президенттин келиши менен эле автоматтык түрдө чечиле койчу иш эмес. Анткени бул көйгөйлөр жылдар бою чогулуп келген.
Дагы бир кошумчалай кете турган нерсе, тилекке каршы биздин өндүрүштүк товарлар Россиядан тышкары эч жакка экспорттолбойт.
Биз көбүнчө Россия менен байланып калганбыз. Мунун өзү туура эмес экендигин акыркы болуп жаткан жагдайлар көрсөтүп, дагы кошумча рыноктор менен иштешибиз керектигин далилдеп койду”, – деди ал.
Ассоциациянын жетекчиси билдиргендей, мындай учурда талап кылынган эрежелер менен иштөө жана изденүү керек. Анткени көнүп калган Россияда эле соода болот деген ойдон чыгыш керек. Бул кризис -биринчи же акыркы эмес. Ошондуктан, бир нече сатуу жолдору болууга тийиш. Бирок Европага же Жакынкы Чыгышка багыт алуунун алдында азыркы документтер менен иштегенди үйрөнүп алуу зарыл. Азыр мамлекет тигүү тармагы туш келген кыйынчылыкка кайдыгер карабай, аларды бул туңгуюктан чыгарып кетүүнүн жолун издештирип жатат.
Д. Дүйшөбаева мындан тышкары акыркы 2,3 жылдан бери Кытайдын арзан товарлары Кыргызстанды басып кеткендигине да токтолду.
“Акыркы жылдарда кытайдын арзан товарлары басып кетти, бирок бул дагы басаңдайт. Себеби ЕАЭБ уюму койгон талаптарга ылайык, эми жалаң сертификатталган гана товарлар кирет. Ошондуктан бул өлкөнүн товарлары мурдагыдай Кыргызстандын ичине көп кирбей, бир кыйла азайышы мүмкүн. Буга чейин Кыргызстандын тигүү тармагынан чыккан товарлар менен кошо кытай товарлары кетип жүргөн. Бул тигүү тармагындагы бүгүнкү көйгөйлөрдүн чыгышына дагы кошумча шарт түздү. Негизи буга чейин пандемия маалында Россия тарап айрыкча териден жасалган кийимдерди этап-этабы менен маркировкалап турган”,- деди ал.

Жаңы талап боюнча, бул жактан товар жөнөткөндө Россиядан тосуп алчу импортер болушу керек. Бул көйгөй азырынча чечиле элек. Аны мамлекет менен биргеликте Wildberries гана чече алат. Буга чейин Россия Федерациясынан Wildberriesтин өкүлчүлүгү Кыргызстанга келип, Экономика жана коммерция министрлигинде жолугушуу өткөрүшкөн, ага “Кыргыз экспорт” да катышкан.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков биргелешкен комитеттин жыйынында тигүү тармагында иштеген жарандардын маселесин көтөргөн.
“Айыл жерлерде миңдеген кишилер үйлөрүнөн тигип, аны фабрикаларга тапшырышат. Ошондой үй-бүлөлөрдөн миң эмес, 100 миңдеген адам азыр ишсиз калып жатышат. Себеби бизде тигилген продукция Россияга өтпөй калды. Россиянын өкүлдөрү кошумча нарк салыгын төлөгөнүн, маркалоону карайлы деп жатышат. Эми бул маселени өкмөт деңгээлинде чечпесе, 100 миңдеген кишилер жумушсуз калууда”, – деген ал.

Ал эми Мамлекеттик кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов да бул маселеге токтолуп, аталган маселе жеңил өнөр жай тармагындагы көйгөй болуп жатканын белгилеп, бул президенттин көзөмөлүндө экенин айткан.
“Бул маселеде бизден көз каранды болбогон жагдайлар бар экенин жакшы билесиздер. Тактап айтканда, Россия тарап чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп жатат. Азыр бул президенттин жеке көзөмөлүндө. Бардык жагдайларды ачык айтууга мүмкүн эмес, бирок жакынкы аралыкта бул маселе туура жагына чечилет деген ишеним бар”, – деген Салык кызматынын төрагасы.
Анын айтуусунда, учурда буга тийиштүү маселелер комплекстүү түрдө каралып жатат.
Кошумчалай кетсек, 2025-жылдын декабрь айында Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы “Бир тармак. Бир позиция. Бир стратегия” аттуу өзгөчө кесиптик семинар өткөргөн. Анда Wildberries платформасы менен иштөөдөгү жаңылыктар боюнча кызуу сөз болуп, ишкер Айболот Айдосов араб өлкөлөрү менен кантип иштөө жөнүндө кеңири түшүндүрмө берген.
Кийим – кечелер өзүнүн чыгымын жаппайт
Кыргызстандын тигүү тармагында эмгектенген ишкерлердин Россияга товарлары дээрлик өтпөй калгандан кийин цехтердин көпчүлүгү жабылууга аргасыз болуп, колдо кармалып турган кийим-кечелер Бишкектин ири базарларында арзан баада сатылып жатат. Жарманкеде кийим-кечелердин баасы 200, 300 сомдон баштап 500 сомдун тегерегинде. Мунун себебин ишкерлер төмөнкүдөй түшүндүрдү.
Жасур Парпиев, “ЖасМир” фабрикасынын жетекчиси:
“Тигүү тармагы оор абалда”
– Тигүү тармагы реалдуу кулап жатат. Буйуртма бар, акча айланбайт. Документ талаптары күчөдү. Ал эми реалдуу жардам жок. Ишкерлер ак иштөөгө даяр, бирок арзан каржылоодо кепилдик жана рынокко чыгуу колдоосу жок. Цехтер жабылып, адамдар ишсиз калууда. Тигүү тармагы оор абалда. Биз иш ачканда текшерүү көп, кыйналганда жардам жок. Ишкерлер иштесе миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болот. Тигүү цехтери жабылса салык токтойт, эл жумушсуз калат. Айыл чарбага кандай колдоо болсо, бул тармакка да ошондой финансылык жардам керек. Ошондуктан тигүү тармагына стратегия түзүш керек. Жеңил өнөр жай өлкөнүн экономикасын багып жаткан чоң күч.
Буга чейин Экономика министрлигине кайрылып, сунуштарыбызды айттык, бирок жыйынтык жок. Биздин өкмөткө караганда, Өзбекстан тигүү фабрикаларына өзгөчө көңүл буруп, бүт шартты түзүп, өнүктүрүп жатат. Мен тааныган эле 5-6 ишкер ошол жакка барып цех ачты.
Кабыл Жакыпбеков, сатуучу:
– Айрыкча орто жана чакан тигүү цехтери көп зыянга учуруды.
Бул Россиянын талаптарынан улам чек арадан өтпөй туруп калышынан улам болду. Мындай абалга дээрлик 5,6 ай болуп калды. Кийим-кечелер кетпей калгандан кийин тигүүчүлөрдүн эмгек акысы дагы белгилүү бир деңгээлге төмөндөп, ошол эле маалда жабылууга дуушар болду. Ал эми колдогу товарларды Бишкектин базарларына алып чыгып, арзан баада сатууга аргасыз болуп жатабыз. Албетте, бул товарлардын өзүнүн чыгымын жаппайт.
Зыйнат Эгембердиева, сатуучу:
– Товарларды айрыкча Жаңы-жылдык кечеде кийилчү атайын кийимдерди эң арзан баада сатууга аргасыз болдук. Себеби өкмөт кооперативдерге тыюу салгандан кийин баллдык кийимдер кескин түрдө кардарларын жоготту. Ошол эле учурда өзүнүн кеткен чыгымын жаппаган баада сатылды.
Азыр да товарларды акция менен жарыялаганыбыздан кийин кардарлар алып кетишүүдө. Жөн эле чогулуп жаткандан көрө биз үчүн акчага айланганы жакшы.
Гулнара Раимжанова, сатуучу:
– Сатып түгөтүүгө чыккан товарларды сапатына карабай 500дөн 1000, 1500 сомго чейинки баада сатып жатабыз. Андай кылбасак ижара акысын беришибиз керек. Үй тиричилигине керектелүүчү азык-түлүк, керектелүүчү үй каражаттарынан тышкары дары-дармекке акча керек. Бирок сатылган товарлардын акчасы күнүмдүк оокатка гана жарайт. Анткени бүгүнкү күндө тамак-аш, азык-түлүк кымбаттап кетти. Азык-түлүктүн баасын өкмөт көзөмөлдөп жатабыз деген менен баасы асман чапчыйт.
Бир эле мисал, 1000 сомго 1,3 килограммдын тегерегинде эт келет. Нандын баасы 35 сомдон, электр энергиясы 1.сом 70 тыйындан өйдө. Тиленкке каршы бизде күнүнө 1000 сом таппаган учур болот.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева



















