Венесуэла өз жээктерине жакын жерде АКШ тарабынан мунай танкеринин конфискацияланышын «ачык тоноо» деп атап, бул ишти эл аралык инстанцияларга өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылды.
Маалыматка ылайык, Каракас АКШ бийликтери тарабынан танкердин тартып алынышын кескин айыптады.
«Боливар Республикасы Венесуэла АКШ президенти өзү Кариб деңизинде мунай танкеринин конфискацияланганын жарыялагандан кийин анык болгон бул ачык уурулук жана эл аралык пираттык актысын катуу айыптайт жана четке какканы тууралуу билдирет. Боливар өкмөтү бул оор эл аралык кылмышты тиешелүү бардык эл аралык органдарга өткөрөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Венесуэла ТИМи АКШ президенти Дональд Трамптын сөздөрүнө көңүл бурду.
«Бул — президенттин биринчи жолу мойнуна алышы эмес. 2024-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө ал Венесуэла мунайынын акысыз өздөштүрүлөрүн ачык айткан», — деп белгиленет билдирүүдө.
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөгө карата душмандык саясат — энергетикалык ресурстарды өзүнө алуу максатын көздөгөн алдын ала пландаштырылган стратегия.
«Венесуэлага каршы узакка созулган агрессиянын чыныгы себептери толук ачыкка чыкты. Маселе миграцияда, маңзат соодасында, демократияда же адам укуктарында эмес. Маселе ар дайым биздин жаратылыш ресурстарыбызда, биздин мунайда, биздин энергияда жана Венесуэла элине гана таандык байлыктарда болуп келген», — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик Венесуэла өз байлыктарын тонотууга эч качан жол бербесин белгиледи.
«Венесуэла бүт элди өлкөнү коргоо үчүн биримдикке чакырат жана эл аралык коомчулукту бул варвардык, мыйзамсыз жана далили жок кол салууну айыптоого үндөйт. Венесуэла өкмөтү чет элдик бир дагы державага Венесуэла элине таандык байлыктарды узурпациялоого эч качан жол бербейт», — деп келтирилет билдирүүдө.
«Бул бүтпөс согуштар жетишет!» — Мадуро
Ошол эле учурда Венесуэла президенти Николас Мадуро Санта-Инес салгылашуусунун 166 жылдыгына арналган иш-чарада АКШны катуу сындады.
Венесуэла президенти өлкө тургундарын чечкиндүү каршылык көрсөтүүгө даяр болууга чакырды.
«Эгер зарыл болсо, биз түндүктөгү америкалык империянын тишин сындырып салууга даяр болушубуз керек. Бүгүн өндүрүштө иштеп жаткан бул колдор зарыл учурда бул ыйык жерди каалаган оккупанттардан же агрессордон коргоо үчүн курал көтөрөт», — деди ал.
Мадуро АКШнын Кариб аймагындагы аскердик коркутуулары дүйнөдө кеңири сынга алынганын кошумчалады.
«Бул бүтпөс согуштар жетишет. Бул империалисттик согуштар жетишет», — деди ал.
Венесуэлага таандык танкердин конфискацияланышы
АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин, түшүндүрмө бербестен, Венесуэла жээктеринде кармалган мунай танкери «сактоого татыктуу себептер менен» конфискацияланганын билдирген.
«Окуяга байланыштуу сүрөттөр жакынкы убакта жарыяланат. Деталдар менен тиешелүү органдар алектенет. Бул өтө негиздүү себептер менен жасалды», — деген ал.
Анын алдында Трамп Венесуэлага экономикалык басымды күчөтөрүн да айткан.
Белгиленгендей, Венесуэла портторунан кеткен танкерлердин көбү мунайды Кытайга ташыйт.



















