АКШнын Венесуэлага жасаган чабуулунун натыйжасында кеминде 100 адам каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Диосдадо Кабельо билдирди.
«Азыркы учурда <…> 100 адам каза болду. Дагы болжол менен ошончо киши жаракат алды. Каза болгондордун арасында жаңжалга тиешеси жок адамдар, жай тургундар, өз үйлөрүндө болгон аялдар бар. Алар биздин өлкөгө ташталган кубаттуу бомбалардан жабыркашты», — деп министрдин сөзүн CNN келтирет.
Куба өкмөтү 5-январда билдирүү жарыялап, анда АКШнын Венесуэладагы операциясы маалында өлкөнүн 32 жараны каза болгонун маалымдаган. Алардын бардыгы Кубанын куралдуу күчтөрүнүн жана чалгындоо кызматтарынын аскер кызматкерлери болуп, Николас Мадурону кайтаруу менен алектенип жатышкан.
АКШ бийлигинин баалоосу боюнча, Мадурону кармоо операциясынын жүрүшүндө жалпысынан 75ке жакын адам каза болгон. Алардын ичинде Каракастагы анын резиденциясынын жанында болгон атышууда курман болгондор да бар.
3-январда АКШ Венесуэлада операция жүргүзүп, Каракастагы ар кандай объекттерге авиа соккуларды урган. Анын жыйынтыгында америкалык атайын күчтөр Венесуэланын президенти Николас Мадурону жана анын жубайы Силия Флорести өлкөдөн чыгарып кетишкен. Алар Нью-Йоркко жеткирилип, сот жообуна тартылышкан. Аларга бир катар беренелер боюнча, анын ичинде наркотерроризм жана курал сактоо айыптары коюлган. Мадуро менен Флорес коюлган айыптарды мойнуна алышкан эмес.



















