Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо АКШнын Венесуэлада Николас Мадурого каршы жүргүзгөн операциясы дүйнөлүк тартипти бузду деп эсептейт.
Бул тууралуу ал 11-январда өзүнүн Facebook баракчасында жарыяланган маегинде айтканын «Европейская правда» басылмасы кабарлады.
Фицонун айтымында, Венесуэладан кийинки окуялар дүйнөлүк тартиптин ыдыраганын айкын көрсөтөт.
«Дүйнөлүк тартип буга чейин эле бузулуп калды. Бул таптакыр ачык көрүнүп турат. Эл аралык укуктун кандайдыр бир механизмдери бар экенине эч ким көңүл бурбай калды. Аскердик күч колдонуу үчүн эл аралык уюмдун мандаты керек экенин да эске алышпайт», — деди Словакиянын премьер-министри.
Ал Дональд Трампты АКШнын экономикалык кызыкчылыктары үчүн Венесуэлада аракеттенүүдө деп сынга алды.
«Дональд Трамп муну ачык эле жасап жатат. Ал жашырбайт. Ал Венесуэлага демократияны же адам укуктарын калыбына келтирүү үчүн бара жатканын айтпайт. Ал: “Мен ал жакка мунай үчүн барам. Биз ал мунайды сатабыз, ал эми венесуэлалыктар сатып ала турган нерселердин баарын АКШдан сатып алышы керек”, — деп айтат», — деди Фицо.
Ал Венесуэла же Украина тууралуу «көп сүйлөөгө болорун», бирок аны негизинен Европалык союз бул окуяларга кандай жооп кайтарат жана андан ары эмне болору кызыктырарын кошумчалады.
Ошол эле маегинде Фицо Европалык союзду аракетсиздик үчүн айыптап, ЕС эң мыкты билген жалгыз нерсе — орустарды жек көрүү экенин айтты.
Мындан тышкары, Фицо Европалык союздун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Калластын кызматтан кетиши керектигин билдирип, ал өз милдеттерин аткарбай жатканын айтты.
Эске салсак, 3-январда Роберт Фицо АКШнын Венесуэладагы аскердик операциясын эл аралык укукту бузуу катары айыптаган.


















