Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Венадагы форумда Камбар-Ата ГЭС-1дин мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

  • Экономика
  • 11.06.2024 12:08

Loading

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: Камбар-Ата ГЭС-1 региондун энергияга болгон муктаждыгын канааттандыруунун жана энергетикалык коопсуздукту жогорулатуунун ачкычы.

Венада өткөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун сунуштады.

Өз сөзүндө МинКаб башчысы Борбор Азияны «суусу, ошондой эле бай жана ар түрдүү энергетикалык ресурстары бар чоң жана динамикалык аймак» деп белгиледи.

Тема боюнча

Р. Умбеталиев: “Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча банктар расмий жоопкерчилик ала элек”

Р. Умбеталиев: “Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча банктар расмий жоопкерчилик ала элек”

15.10.2026

«Адистердин баамында, 2050-жылга карата Борбор Азияда калктын саны 27%, тамак-ашка болгон суроо-талап 35%, ичүүчү сууну керектөө 50% көбөйөт. Региондун потенциалын ачуу үчүн деңизге чыга албагандык, ресурстарга көз карандылык, финансылык өнүгүүнүн төмөн деңгээли жана климаттын өзгөрүшүнүн таасири сыяктуу башка чакырыктарды жеңүү маанилүү. Ошол эле учурда суу Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө жашоонун негизги артериясы болуп саналат. Чоң дарыялардын башатында жайгашкан өлкөлөрдө аймактын жалпы суу ресурттарынын 80,7% жайгашкан», – деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, айрым жерлерде бул система калктын электр энергиясына болгон керектөөсүн жылдын белгилүү бир мезгилинде камсыздай албаса, кээ бир жерлерде ичүүгө жана сугат суусуна жетишсиз.

«Көп учурда суу ресурстарын пайдаланган мамлекеттердин кызыкчылыктары дал келбейт: Казакстан менен Өзбекстан сууну жайында сугат үчүн, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан кышында энергия үчүн пайдалангысы келет. Бул жагдай региондун энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизүүдө», – деп баса белгилеген Акылбек Жапаров суу жана жашыл энергетиканы бириктирүүчү фактор катары белгиледи.

«Биз бул жерге 16 миллиард доллар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү бар 12 келечектүү таза энергетика долбоору менен келдик. Биздин тарап инвестордун кызыкчылыгын ар тараптуу колдоого жана коргой тургандыгын бекем билдирем. Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясын 100 пайыз пайдалануу камсыз кылынат”, – дейт Акылбек Жапаров.

Андан ары МинКаб башчысы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору тууралуу кеңири айтып берди.

«Камбар-Ата ГЭС-1 мөңгүлөрдүн башатында жайгашкан. Бул станциянын эффективдүү иштеши Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын топтоо жана сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору өлкө үчүн да, Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана перспективаларды камтыйт. Долбоор Кыргыз Республикасын жана Борбордук Азияны эң арзан баада таза энергия менен камсыздайт, бул региондогу энергиянын өтүүсүнө азыраак чыгымдарды алып келет. ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү атмосферага булгоочу заттардын чыгышын азайтат”, – дейт Акылбек Жапаров.

1 of 10
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

Мындан тышкары, МинКаб башчысынын айтымында, Камбар-Ата ГЭС-1 региондун энергетикага болгон өсүп жаткан суроо-талабын канааттандыруу жана энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу үчүн негизги мааниге ээ.

«Долбоордун негизги параметрлери анын аймактык маанисин баса белгилейт. Станция Нарын дарыясынын жогорку агымында жайгашкан. Станциянын белгиленген кубаттуулугу жылына орточо 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу менен 1860 мегаватт. Суу сактагычтын пайдалуу көлөмү 2,870 млн м³. Курулуштун алдын ала баасы 4 миллиард доллардан ашат. Камбар-Ата ГЭС-1нин башкы планына таштарды толтуруучу дамба, төрт гидроагрегаты бар ГЭСтин имараты, курулуш жана эксплуатациялоочу агындыларды жана транспорттук тоннелдерди, курулуш-өндүрүштүк имаратты, турак-жай шаарчасын, суу сактагычтарды жана суу тазалоочу курулмаларды куруу үчүн аянтчалар кирет”, – деген МинКаб төрагасы курулуш долбоору аймактагы айлана чөйрөгө жана экологияга терс таасирин тийгизбей турганын кошумчалады.

«Тескерисинче, жашыл климаттын күн тартибине жана таза энергияны өндүрүүгө олуттуу артыкчылыктар бар», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы “долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы электр энергиясын ички жана тышкы рынокто өндүрүүгө жана сатууга мүмкүндүк берет” деп баса белгиледи.

Андан ары министрлер кабинетинин башчысы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча даярдык иштерине токтолду, анын айтымында, жалпы баасы 44,1 миллиард сомду түзүп, эки этапка бөлүнгөн.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/06/audio_kg-16.mp3

МинКаб башчысы Камбар-Ата ГЭС-1ди андан ары куруу үчүн министрлер кабинети 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 миллион доллар бөлөөрүн кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Камбар-Ата ГЭС-1ге «улуттук» макамы берилгенин белгилеп, эл аралык каржы институттарын, инвесторлорду жана компанияларды климаттын күн тартибиндеги заманбап чакырыктарына толук жооп берген энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

«Биз биргеликте бул амбициялуу көз карашты ишке ашыра алабыз жана биздин аймактын энергетикалык жана экологиялык туруктуулугуна чоң салым кошо алабыз», – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвестициялык форум өтүп жатат, анын негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болду.

Форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилери, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген делегациялар жана жеке инвесторлор катышууда.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ВенаГЭСКамбар-Ата – 1 ГЭСиКамбар-Ата ГЭС-1
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Р. Умбеталиев: “Кыш каттуу болсо, кошуна өлкөлөр убада кылган электр энергиясын бербей коюшу мүмкүн”

Р. Умбеталиев: “Кыш каттуу болсо, кошуна өлкөлөр убада кылган электр энергиясын бербей коюшу мүмкүн”

22.10.2026
Р. Умбеталиев: “Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча банктар расмий жоопкерчилик ала элек”

Р. Умбеталиев: “Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча банктар расмий жоопкерчилик ала элек”

15.10.2026
Р. Умбеталиев: “1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында ашып кетсе 12,3-12,5 млрд. куб суу топтолушу мүмкүн”

Р. Умбеталиев: “1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында ашып кетсе 12,3-12,5 млрд. куб суу топтолушу мүмкүн”

02.07.2026
Ташкенттеги сүйлөшүүлөр: «Камбар-Ата 1 ГЭСи» боюнча стратегиялык кадам

Ташкенттеги сүйлөшүүлөр: «Камбар-Ата 1 ГЭСи» боюнча стратегиялык кадам

04.05.2026
М. Ульянов: АКШнын Иранга карата коркутуу жана санкциялар саясаты ийгиликсиз болду

М. Ульянов: АКШнын Иранга карата коркутуу жана санкциялар саясаты ийгиликсиз болду

28.04.2026
Вашингтондо Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу талкууланды

Вашингтондо Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу талкууланды

16.04.2026
Р. Умбеталиев: “Электр энергиясына баанын өсүшү  кымбатчылыкты жаратып жатат”

Р. Умбеталиев: “Электр энергиясына баанын өсүшү  кымбатчылыкты жаратып жатат”

26.02.2026
Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууну каржылайт

Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууну каржылайт

10.12.2025
Президент С. Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” ГЭСин ишке киргизди

Президент С. Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” ГЭСин ишке киргизди

27.10.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.