ГЭСтин курулушун каржылоо келерки жылдан тартып Кыргызстан (34%), Өзбекстан жана Казакстан (33%дан) тарабынан жүргүзүлөт. Ар бир мамлекет өз үлүшүнө жараша электр энергиясын алат.
Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевди кабыл алды, деп кабарлайт 24.kg Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматына таянып.
Жолугушууда өзбек-кыргыз достук, коңшулук жана стратегиялык кызматташтык мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери, анын ичинде энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү талкууланды. Эки тараптуу мамилелердин жогорку динамика менен өнүгүп жатканы канааттануу менен белгиленди.
Өзбекстан лидери суу-энергетика жаатында кызматташууну тереңдетүүнүн жана аймактык мааниге ээ биргелешкен долбоорлорду, биринчи кезекте Камбар-Ата-1 ГЭСин натыйжалуу илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Аймактын гидроэнергетикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана биргелешип башкаруу үчүн келерки жылы «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу долбоорун Кыргызстандын жана Казакстандын катышуусу менен каржылоону баштайбыз», — деди Шавкат Мирзиёев.
Ал Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевге, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркиянын жана Азербайжандын энергия компанияларынын жетекчилерине Өзбекстанга ири инвестицияларды тартууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Эске сала кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун баасы 4,2 млрд доллар деп бааланууда, ал эми эл аралык каржы институттары тарабынан сунушталган жалпы каржылоо портфели 5,6 млрд долларга жеткен. Тараптардын катышуу үлүштөрү төмөнкүчө бөлүнгөн: Кыргызстан — 34 пайыз, Өзбекстан жана Казакстан — 33 пайыздан. Ар бир өлкө өз үлүшүнө жараша электр энергиясын алууга укуктуу, мында рыноктук шарттарга жана муктаждыктарга жараша түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.



















