2026-жылдын апрелине карата Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун саналуу гана ардагерлери калды. Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Жеңиш күнүнө карата согуштун ар бир катышуучусуна 200 миң сомдон бир жолку материалдык жардам бөлүнөт.
Буга мамлекет башчысы Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, ар бир ардагерге 200 миң сомдон төлөнөт. Бул үчүн президенттин фондунан 4 млн 848 миң сом бөлүнүп, каражат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу берилет.
Жардам төмөнкү категориядагы жарандарга көрсөтүлөт:
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдар;
1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдар жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар.
2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата Кыргызстандагы ар бир согуш ардагердин ар бирине президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам берилген.
Өткөн жылдагы расмий маалыматка караганда, 11-апрелге карата Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагери бар экендиги маалымдалган. Алардын ичинде концлагерде туткунда болгон 7 адам, Ленинграддагы блокаданын 11 күбөсү болгон. Ал эми 2024-жылдын майына карата 41 гана ардагер калгандыгы айтылган.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 9-майында Москвага барып, Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскердик парадга катышкан. Бул иш-чара Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти эскерүү жана ардагерлерге таазим кылуу максатында өткөрүлгөн.

















