Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Пекинде Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына жана Кытай элинин япон агрессиясына каршы күрөшкөн согушуна арналган аскердик парад өтөт.
Бул тууралуу Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ху Хэпин билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
“Тяньаньмэнь аянтында кытай элинин япон баскынчыларына каршы туруудагы жеңишинин 80 жылдыгына жана дүйнөлүк антифашисттик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында аскерлерди кароо жана КПК Борбордук Комитетинин башкы катчысы Си Цзиньпин пресс-конференция өткөрүп, сөз сүйлөйт”, – деп кошумчалады Ху Хэпин.
Парадда Кытай өзүнүн өндүрүш жабдууларын көрсөтөт.
Кошумчалай кетсек, май айында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Орсиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда милитаристтик Японияны жеңүүнүн жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, бул окуяга байланыштуу Кытайга баруу ниетин билдирген.


















