Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы Орусиянын туруктуу өкүлү Михаил Ульянов Иран өзүнүн улуттук өзөктүк программасын ишке ашырууга мыйзамдуу укукка ээ экенин билдирди.
М. Ульянов бул билдирүүнү АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун сөздөрүнө жооп иретинде жасады. Помпео Вашингтон Иранга өзөктүк ишмердүүлүгүн кайра жандандырууга жол бербейт деп айткан болчу.
Ульяновдун айтымында, мындай билдирүүлөр эл аралык укукта бекитилген Ирандын укуктарын эске албайт.
Ал X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Иран Ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишимдин (ЯКЖК, ДНЯО) катышуучусу катары, эгерде өзөктүк программасы тынч максаттарда гана ишке ашырылса, аны өнүктүрүүгө толук укугу бар экенин жазган.
«Кыязы, мурдагы мамлекеттик катчы Ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишимге ылайык, Иран тынч максаттарды гана көздөгөн шартта улуттук өзөктүк программасын ишке ашырууга ажырагыс укукка ээ экенин билбейт», — деп жазды Ульянов X тармагында.
Өзүнчө дагы бир билдирүүсүндө Ульянов Иран Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаинин Иран аймактык маселелер же ракета программасына байланышкан темалар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт деген сөзүнө да жооп берди.
Ульянов бул позицияны колдоп, сүйлөшүүлөр өзөктүк куралга байланыштуу маселелер менен гана чектелиши керектигин билдирди. Анын айтымында, күн тартибин аймактык коопсуздук же ракета потенциалы сыяктуу темалар менен кеңейтүү сүйлөшүү процессин реалдуу эмес абалга алып келет.
«Туура. Сүйлөшүүлөр өзөктүк маселелерге гана арналууга тийиш. Күн тартибин аймактык коопсуздук жана ракеталар менен кеңейтүүгө жасалган ар кандай аракет бүт процессти маанисиз кылат. Бул бир ок менен үч коён атууга аракет кылгандай эле болмок», — деп жазды орусиялык жогорку даражалуу дипломат X социалдык тармагында.















