Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы диалогдо жылыштар бар, бирок кыймыл чектелүү жана тоскоолдуктарга дуушар болууда, деп билдирди Россиянын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
“Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы диалогдо эч кандай жылыш жок деп айтуу туура эмес болуп калат, бирок кыймыл чектелүү жана ар дайым белгилүү бир тоскоолдуктарга дуушар болуп келет. Акыркы убактагы маанилүү учур бул МАГАТЭнин башкы директорунун ноябрдын орто ченинде Иранга жасаган сапары болду, анын жүрүшүндө Рафаэль Гросси Ирандын жетекчилиги менен жолугушту, ошондой эле бир катар өзөктүк объектилерди, анын ичинде Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы кепилдиктерди колдонуу боюнча келишимдин чегиндеги объекттерге барды”, – деди Ульянов.
Анын айтымында, бул сапар өлкөнүн жаңы өкмөтү менен байланыш түзүүгө, ошондой эле жалпысынан маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүндүк берди. Анын алкагында, Иран байытылган урандын көлөмүн 60%га чейин көбөйтпөйт деп болжолдолгон.
“Бирок ошол эле Батыш өлкөлөрү, атап айтканда, АКШ, Улуу Британия, Германия жана Франция бул түшүнүшүүлөрдү колдоонун жана аларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу атмосфераны түзүүнүн ордуна, деструктивдүү жолго түшүп, ноябрда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин сессиясында Иранга каршы дагы бир резолюцияны демилгелешип, ал Кеңештеги батыштык көпчүлүк менен кабыл алынды. Албетте, мындай саясий шарттарда Иран башкы директор менен келишимди аткарбай эле тим болбостон, уранды 60%га чейин өндүрүү темпин жогорулатууга да барды”, – деп түшүндүрдү дипломат.
Эске салсак, 21-ноябрда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Иранды уюм менен жетиштүү кызматташпай жатат деп сындаган Батыш резолюциясын кабыл алган. Документке ылайык, МАГАТЭ 2025-жылдын жаз айына чейин Ирандын өзөктүк программасы боюнча кеңири баяндама даярдашы керек. Резолюцияга 19 добуш берилип, Орусия менен Кытай баш болгон 3 өлкө каршы болуп, дагы 12си калыс калган.
22-ноябрда Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму МАГАТЭнин Иранга каршы резолюциясына жооп иретинде уранды байытуу үчүн миңдеген жаңы центрифугаларды ишке киргизгенин жарыялаган.
Буга чейин Ислам республикасынын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) инспекцияларына тоскоолдук жараткан эместигин жана жаратпайт дагы деп билдирген.















