КР Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, 24-январь күнү саат 01:11де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ал эми Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ошондой эле жер титирөө Кытай Эл Республикасында саат 02:38де кайталанып, күчү 6.5 баллга жеткен.
Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Учурда республиканын жер титирөө катталган аймактарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө.
ӨКМдин маалымат кызматы.



















