Россиянын Кемерово облусунун түштүгүндө күчтүү жер титирөө болду. Турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болуп, айрым адамдар дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрүнөн сыртка чуркап чыгышкан. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
SHOT басылмасына жергиликтүү тургундардын билдиришинче, түнкү саат 04:00 чамасында Киселёвск, Прокопьевск, Краснобродский, Белово шаарларында жана Новокузнецктин айрым бөлүктөрүндө катуу жер силкинүүлөрү сезилген.
Тургундардын айтымында, үйлөрдөгү эмеректер катуу чайпалып, шкафтардагы идиш-аяктар тарсылдаган. Жер титирөөнүн кесепетинен айрым үйлөрдүн дубалдарында олуттуу жаракалар пайда болгон. Ошондой эле Гурьевск округунда имараттардын бузулган-бузулбаганын аныктоо үчүн текшерүү иштери башталды.
Жер титирөөнүн очогу Киселёвск шаарынан түндүк-батышты көздөй 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн магнитудасы 4,8 баллды түзүп, очоктун тереңдиги болжол менен 5 чакырым болгон. Очок жайгашкан аймактагы силкинүүнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 6 балл деп бааланып, бул «күчтүү» категориясына туура келет.



















