Вашингтон альянстын аракеттеринен улам НАТОну колдоону токтотушу мүмкүн.
Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди.
«Биз жыл сайын НАТОго алардын коргонуусу үчүн жүздөгөн миллиард доллар сарптайбыз. Биз ар дайым алардын жанында болмокпуз, бирок азыр алардын аракеттерине карап, биз сөзсүз эле алардын жанында болушубуз керекпи?» — деди ал Майамидеги сөзүндө.
АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы аскердик өнөктүк башташкан. Тегеран Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына чабуул жасоо менен жооп кайтарууда.
Чыр-чатактын курчушунан улам Иран дүйнөлүк энергетикалык сооданын негизги жолу болгон Ормуз кысыгын бөгөттөгөн. Мындан улам Трамп айрым европалык өлкөлөрдү аймакка согуштук кемелерди жөнөтүүгө чакырган. Бирок бир катар европалык өлкөлөр андан баш тартышты. Европа Биримдигинин дипломатиялык башчысы Кая Каллас дагы Европа Биримдигинин өлкөлөрү мындай аракеттерге даяр эмес экенин билдирди.



















