Кыргызстандын айыл чарба, анын ичинде мал чарбачылыгында дүйнөлүк деңгээлдеги улуттук брендге айланган учурлар саналуу. Бирок акыркы жылдары ата мекендик мал чарбачылыгын өндүрүүчүлөрдүн талыкпаган эмгегинин артында калыптанган “Арашан” асыл тукум койлору өлкөнүн мал чарбачылыгын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын агрорыногун өзгөрткөн ири экономикалык жана генетикалык феноменге айланды. Аталган тукум бүгүнкү күндө дүйнөлүк асыл тукум койлордун алдыңкы катарына чыгып, эл аралык деңгээлде таанылууда.
236 килограммдык жаңы дүйнөлүк рекорд
Бул тукумдагы эт-май берүү потенциалы жыл санап жаңы чектерди багындырып, 2026-жылдын июнь айында өткөн эл аралык көргөзмөдө “Лорд” каймана аттуу кочкордун салмагы 236 килограммга жетип, тукумдун дүйнөлүк рекордун жаңылаганы расмий катталган. Бул көрсөткүч буга чейин рекорд коюп келген атактуу “Франкель” деп аталган тукумундагы койду басып өткөн.
3 жаштан жогорку асыл тукум кочкорлордун орточо салмагы 180–210 килограмдан 230 –236 кг.га чейин жетет. Ал эми ургаачы койлор салмагы 175 килограммдан ашат. Ошондой эле, эки тиш токтулар 137 кг, козулар 134 кг.га чейинки рекорддук салмактарды көрсөткөн.
“Арашан” тукумундагылар тоо шартына ыңгайлуу
“Арашан” Кыргыз кой өстүрүүчү коомдук бирикмесинин жооптуу катчысы жана юристи Сардарбек Багышбеков белгилегендей, бул тукум кыска убакытта же кокусунан пайда болгон эмес. Анын пайдубалы 1970–1980-жылдары Чүй жана Талас өрөөндөрүндөгү элдик селекционерлер тарабынан түптөлгөн.
Бул тукумдагы койлордун эң башкы артыкчылыгы – анын генетикалык туруктуулугу жана климаттык ыңгайлашуусу. Ал түпкү теги болгон гиссар койлорундай назик эмес. Тескерисинче, Кыргызстандын бардык аймактарындагы бийик тоолуу катаал шарттарга, жайлоолордун климатына толук ыңгайлашып, жайыттарда кадимкидей жүрө алат. Учурда бул тукумдун ичинде бир нече негизги генетикалык линиялар так бөлүнүп, фермерлер арасында дени сак атаандаштык калыптанган.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча “Арашан” тукумундагы асыл тукум койлордун башы 55 – 60 миңге жеткен менен базарда бул койлордун баасы кымбат экени белгилүү. Бирок адистер муну жогорку асыл тукумдуулук, таза генетика жана чарбанын кирешесин заматта көтөрө алган экономикалык натыйжалуулук менен түшүндүрүшөт.
Фермерлер жакынкы жылдары кадимки жергиликтүү койлордун ордун “Арашан” тукуму же анын аргындарына акырындык менен алмаштырса, Кыргызстан эт өндүрүү тармагында ири секирик жасалат деп ишендиришип, сандан сапатка өтүү аркылуу жайыттарга түшкөн жүктү азайтып, ошол эле учурда бир баш малдан алынган эттин көлөмүн эки-үч эсеге көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн билдиришет.
Сардарбек Багышбеков, “Арашан” Кыргыз кой өстүрүүчү коомдук бирикмесинин жооптуу катчысы жана юристи:
“Дүйнөдөгү эң боюу узун койлор Кыргызстанда өстүрүлүүдө”
– Бүгүнкү күндө “Арашан” тукуму толук калыптанып бүткөнүн тастыктай алабыз. Салмагы 150–170 килограммга жеткен койлор азыр сейрек көрүнүш эмес. Биздин кочкорлордун рекорддук салмагы 236 килограммга жетип жатат, ал эми көргөзмөлөргө катышкан үч жаштан жогорку кочкорлордун салмагы орто эсеп менен 215–220 килограммды түзөт.
Жакында Ысык-Көлдө өткөн көргөзмөдө 213 кг. салмактагы кочкор алдыңкы бештикке да кирбей калды.
Анткени атаандаштарынын салмагы 220 килограммдан ашкан. Ошондуктан биз мындай ири салмакты бир жолку рекорд эмес, кадимки нормага айлантуунун үстүндө иштеп жатабыз.
Ошондой эле койлордун боюнун узундугун жогорулатуу максаты дагы турат. Бул тукум расмий каттоодон өтүп жатканда кочкорлордун орточо бийиктиги 87–90 см, эң бийиги 95 см болчу. Азыр биз боюу 1 метрден ашкан койлорду каттап жатабыз. Мисалы, быйыл Чүйдө өткөн көргөзмөдө кочкорлордун боюнун бийиктиги 111 сантиметрге жетти. Ал эми Гиннесстин рекорддор китебиндеги учурдагы рекорд 109 сантиметрди түзөт. Демек, биздин койлор андан ашып түштү. Башкача айтканда дүйнөдогү эн боюу узун койлор Кыргызстанда өстүрүлүүдө.
Мындан тышкары, козулардын күнүмдүк өсүүсу жогорулады. Мурда козулар күнүнө 350–400 грамм салмак кошсо, азыр 550–600 граммга чейин эт байлап жатат. Натыйжада, 5 айлык козуларды сойгондо 33–40 килограмм таза эт берет. Бул экономикалык жактан абдан натыйжалуу.
Рахатбек Ибраев, Айыл чарба илимдеринин кандидаты, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору:
“Арашанды” Кыргызстандын улуттук бренддеринин бирине айландырууну көздөп жатабыз
– Биз көптөн бери бул тармакка илимди жана адистерди тартуу зарылдыгын талкуулап келе жатабыз.
Окумуштуулардын ишин колдоо үчүн зарыл болгон ресурстарды табууга да даярбыз.
Алдыдагы 2027-жылы чет өлкөлүк рынокторго чыгуу максатын коюудабыз. Бул жерде кеп Европага же Австралияга дароо мал сатуу жөнүндө эмес, тескерисинче, тукумубузду эл аралык деңгээлде таанытуу жана “Арашанды” Кыргызстандын улуттук бренддеринин бирине айландыруу жөнүндө болуп жатат. Анткени бул кой дүйнөдөгү эң ири кой тукумдарынын бири болуп саналат.
Ошондуктан биз бул багытта Агроөнөр жай комплекси менен биргеликте иш алып баруудабыз. Бул маселени Министрлер кабинети менен биргеликте алдыга жылдырып, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну көздөп жатабыз. Анткени малдын башынын саны жана эт өндүрүүнүн жалпы көлөмү боюнча биз коңшу өлкөлөр же Россиянын аймактары менен атаандаша албайбыз, бирок асыл тукум малыбыздын сапаты боюнча толук атаандаша алабыз. Бүгүнкү күндө рынокто дал ушул асыл тукум малга суроо-талап эң жогору болгондуктан, мындан ары да ушул багытта иштөөнү пландап жатабыз.
Асанбек Ажыбеков, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор:
“Арашан” койлорунун кымбаттыгы жогорку асыл тукумдуулугунда жана чыгымын тез актагандыгында
– Баа маселесине келсек, албетте, асыл тукумдагы кочкорлор кымбат болуп жатат. Буларды бардык эле фермерлер же жарандар сатып ала алышпайт. Кымбаттыгынын себеби, анын жогорку асыл тукумдуулугунда, таза генетикасында жана мал чарбасынын кирешесин заматта көтөрө алган өзгөчөлүгү менен чыгымын тез актагандыгында.
“Арашан” койлорунун кулагы жалбырак сымал чоң жана ылдый түшүп турат. Кулагынын орточо узундугу 19–23 см, ал эми рекордго чыккан кочкорлордун кулагы 25–30 см.ге чейин жетет. Буттары узун, түз, сөөктүү. Бул аларга тоолуу жайыттарда оңой жүрүүгө шарт түзөт. Чоң кочкорлордун соорусунун бийиктиги 95–105 см, ал эми ургаачы койлордуку 80 – 90 см тегерегинде болот. Дене түзүлүшүндөгү өзгөчөлүк – башы чоң, моюну кыска жана жүнү кылчык, куйругу чоң болот.
Быйыл 4 айлык козу-кочкорлордун баасы 30 000 сомдун тегерегинде болду. Акыркы үч жылда базардагы койлордун сапаты кыйла жакшырганы байкалды. Майда, жөнөкөй койлор азайып, “Арашан” менен аргындаштырылган ири, эттүү койлор көбөйдү.
Ассоциациянын негизги максаты – Кыргызстандагы 6 миллион койду акырындык менен эт-май багытындагы “Арашан” тукумуна өткөрүү. Албетте, 6 миллион койдун баары 100% таза кандуу болбойт, бирок аргындаштыруу аркылуу малдын сапаты кескин жогорулайт. Учурда өлкө боюнча асыл тукум “Арашан” койлорунун саны 54–60 миң башка жетти. Бул жалпы койлордун бир пайызын гана түзөт. Биздин максат — алдыдагы беш жылда бул көрсөткүчтү 10 пайызга, башкача айтканда, 600 миң башка жеткирүү.
Чет өлкөлөрдөн – Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан суроо-талап абдан күчтүү. Бирок өткөн жылдын 20-августунан тарта малды экспорттоого чектөө киргизилгенден бери сыртка сатуу азайды. Учурда экспорт бир гана агрохолдинг аркылуу атайын жол-жоболор менен ишке ашууда.
Эскерте кетсек, 4-октябрда “Арашан” Кыргыз кой өстүрүүчү коомдук бирикмесинин жооптуу катчысы жана юристи Сардарбек Багышбеков тарабынан Кыргызстандагы эң белгилүү мал чарба бирикмелеринин бири болгон “Арашан” КОООсуна атайын таанышуу жана тажрыйба алмашуу экскурсиясы уюштурулган.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева



















