Казакстан менен АКШнын президенттери — Касым-Жомарт Токаев жана Дональд Трамп Ак үйдө жолугушту, деп билдирди Акорда басма сөз кызматы.
Казакстандын президенти жолугушууда АКШнын президентинин дүйнөдө коопсуз, туруктуу жана өнүгүп жаткан чөйрө түзүүдөгү чечүүчү ролун белгиледи.
«Биздин мамлекет башчыбыз АКШ президентинин “TRIPP — Эл аралык тынчтык жана өнүгүү жол картасы” аттуу демилгесин жана анын тынчтыкты орнотуу аракеттерин колдоорун билдирди. Бул программа Орто коридорду өнүктүрүүгө да өбөлгө түзө алат», — деп айтылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Трамп АКШнын Казакстан менен кеңири жана көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого берилгендигин ырастады.
Акорданын маалыматына караганда, эки өлкө ортосунда жалпы 17 миллиард долларлык коммерциялык келишимдерге кол коюлду. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, өз ара пайдалуу багыттарды аныкташты.
Ошондой эле АКШ президентинин Сүйрү кеңсесинде Казакстан, АКШ жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху катышкан биргелешкен телефон сүйлөшүү өткөрүлдү.
«Сүйлөшүүнүн негизги темасы Казакстандын Авраам келишимдерине кошулуу ниети болду. Биздин мамлекет башчысы АКШ президенти Дональд Трамптын жетишкендигин белгилеп, анын аракеттери Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык орнотууга реалдуу шарт түзгөнүн айтты», — деп билдирет Акорда.
Акорданын басма сөз кызматы белгилегендей, Казакстан Авраам келишимдерине кошулуу аркылуу конфронтацияны жоюуга, диалогду өнүктүрүүгө жана БУУ уставына негизделген эл аралык укукту колдоого өз салымын кошууну көздөйт.
«Бул чечим Казакстандын башка өлкөлөр менен болгон эки тараптуу мамилелерине таасир этпейт, тескерисинче, өлкөнүн көп тараптуу дипломатиясынын табигый уландысы болуп саналат жана тынчтык менен коопсуздукту бекемдөөгө багытталган», — деп айтылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Дональд Трамп Казакстандын Авраам келишимдерине кошулуу чечимин жогору баалады:
«Бул дүйнө жүзүндө элдерди жакындатуу жолундагы маанилүү кадам. Бүгүн барган сайын көптөгөн өлкөлөр менин Авраам келишимдери аркылуу тынчтык жана өнүгүү жолун тандап жатышат», — деди Трамп телефондук сүйлөшүүдөн кийин.
Маалымат үчүн:
Авраам келишимдери 2020–2021-жылдары АКШнын ортомчулугу менен Израиль жана бир катар араб мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн.
2020-жылы Израиль менен Бахрейн, Марокко жана БАЭ дипломатиялык мамилелерди орнотушкан, ал эми 2021-жылы Судан да кошулган.
Мурда Израиль араб өлкөлөрүнүн ичинен Египет (1979-ж.) жана Иордания (1994-ж.) менен гана расмий дипломатиялык байланышта болгон.
6-ноябрда Казакстандын президентинин басма сөз кызматы республика Авраам келишимдерине кошулуу ниетин ырастап, бул чечимди өлкөнүн тышкы саясатынын «логикалык уландысы» деп атады.



















