Ош шаарында Ирандын маданият күндөрү өтө турганын Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чара Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүк менен Ош мамлекеттик университети биргеликте КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан Дүйнөлүк эпостор фестивалынын алкагында өтөт.
Анда Ирандын көл өнөрчүлүк жана китеп көргөзмөсү уюштурулуп, көркөм тасма көрсөтүлөт.
Иш-чара 17 – 19 май күндөрү өтөт.
Иш-чаранын программасы:
? 17-май саат 16:00 — Дүйнөлүк эпостор фестивалындагы “Кол өнөрчүлүк жана китеп көргөзмөлөрдүн” ачылышы
? 18-май саат 11:00 — “Чарчабаңыз” көркөм тасмасы ОшМУ Эл аралык мамилелер факультети “Ресурстук борбор” (217), Раззаков көчөсү 21