11-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугуп, АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан кыргыз жарандарын өлкөгө кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөрдүн киргизилген чечимин талкуулады.
Бул маалымат министрликтин расмий сайтында жарыяланды.
“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын консулдук тармагындагы актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча, АКШ тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визалык саясатына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду”,-деп айтылат маалыматта.
Имангазиев аталган өзгөртүүлөргө байланыштуу кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирип, бул маселени талкуулоодо конструктивдүү жана предметтүү мамиле кылууну, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты сактоо маанилүүлүгүн белгиледи.
Маалыматта белгиленгендей, элчи Вигери АКШдагы кыргыз жарандары тууралуу статистикалык жана өлкөнүн визалык саясатына киргизилген миграциялык өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтарды берди.
Жыйынтыгында тараптар өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында консультацияларды улантуу жөнүндө макулдашышты.
Эске сала кетсек, АКШнын мамлекеттик департаменти эки күн мурда кыргыз жарандарын АКШга кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөр киргизилгенин жарыялаган. Бирок бул чечим кыргыз тарапка эскертилбегендиктен муну Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык диалог алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылган.



















