Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Тил реформасы: Э жана Е тамгаларынын талашы сабаттуулукка кадамбы же башаламандыкпы?

  • Аналитика
  • 30.06.2026 15:52

Loading

Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Бишкек шаарында өткөн республикалык илимий-практикалык конференция кыргыз тилинин тарыхындагы эң маанилүү жана кызуу талаш-тартыштарды жараткан кадамдардын бири болду. Буга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Улуттук илимдер академиясына караштуу Тил илими институту даярдаган кыргыз тилинин жаңы орфографиялык долбоору коомдук талкууга сунушталышы себеп болду. Долбоордо кыргыз алфавитиндеги 36 тамганы 28ге кыскартуу сунушталган.

Академик Сыртбай Мусаев баштаган жумушчу топ тарабынан сунушталган кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы долбоору коомчулукта, илимий чөйрөдө жана социалдык тармактарда чоң резонанс жаратып, кызуу талаш-тартыштардын чыгышына шарт түздү. Бул талкууга мамлекеттик, коомдук жана илимий ишмерлер дагы кайдыгер карабай, объективдүү курч сын-пикирлерин жазып, өздөрүнүн социалдык тармактардагы  баракчалары аркылуу жазышууда.

Талкуунун чордонунда коомчулуктун басымдуу бөлүгү “эне”, “эл” сыяктуу түпкү кыргызча сөздөр “э” тамгасы менен башталып, анын алынып салынышына же “е” менен алмашылышына кескин түрдө каршы. “Э” тамгасы улуттук өзгөчөлүктү сактап турат деген пикирлер басымдуулук кылат. Сунуш интернетке чыгары менен коомчулуктун басымдуу бөлүгү нааразычылыгын билдирип чыкты. Элдин негизги аргументи улуттук баалуулуктар жана көнүмүш адат.

Тема боюнча

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

17.11.2026

Коомчулук эмне дейт?

Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик ишмер:

“Азар, англист, кытай, араб жана башка тилдерден да көп сөз кирип жатат, аларды кантебиз?”

– “Е” (йэ) тамгасын мындан ары “Э” болосуң деп койгондун өтө деле коркунучу жок болмок, эгерде “Э дагы кала берет, четтен келген сөздөрдү жазганга керек” деген кыргыз тилине карата чыккынчылык сунушту кыпчып киргизбегенде. “Октябрь революциясынан кийин келген сөздөр орус тилинде кандай жазылса, ошондой жазылат” деген менен тилибизди талкалап келдик эле, ошол келесоолуктан дагы да арыла албай жатканыбыз өкүнүчтүү.

Азар, англист, кытай, араб жана башка тилдерден да көп сөз кирип жатат, аларды кантебиз?

Көп башты оорутпай, латын арибине өтүп, бардык сөздөр кыргыз тилинин ички мыйзамына ылайык өздөштүрүлгөн түрүндө жазылат деп кабыл алуу керек.

Жаныш Кулмамбетов, драматург:

“Тамганы алмаштырып, таламандын так түшүндө ызы-чуу чыгарбай, тынч эле жашайлычы”

– Акыркы убакта кыргыз тилинин грамматикасына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн тегерегинде коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселе жаралып, соцтармакта ар түрдүү пикирлер байма-бай айтылууда.
Менимче, маселе жалгыз грамматиканын эрежесинде эмес, биринчи кезекте тарых калыптандырган, салтташкан кабыл алууда. Тагын айтканда, бул психолингивистикалык маселе. Эне, эки, ээр, эр, эчки, эжигей ж. б. тамга эле эмес, токсон жылдан бери калыптанып, адамдардын психикасына сиңип бүткөн графикалык символдор. Тамганы айырбаштоо менен биз ошол калып алып калган графикалык символдорду бузуп, адамдардын абдан чоң катмарынын психикасына доо кетирип, стресске учуратып, психолингивистикалык проблеманы жаратабыз.

Муну ким демилгелеп жатса дагы ушул жагдайдан кабары жок экени көрүнүп турат.
Эки тамганы унификациялабай эле бир тамга катары пайдаланып келаткан кыргыз эли андан сабатсыз болуп калды деп ким айта алат, бүгүн? Бул маселенин биринчи жагы.

Экинчиси, мындан аркы жаш муундардын психолингивистикалык кабылдоосуна байланышкан. Эмне дегенде, унификацияланган бир тамгага өтүүнүн шартында калыптанган мындан аркы муун, кыргыздын буга чейинки баардык адабиятынын түрлөрүн, окуу куралдарын, мыйзамдарды окуганда дайыма психолингивистикалык стресстин абалына учурайт. Муну биз бөркүбүздөй эле көрө берсек болот. Демек, эки тамга үчүн токсон жылдан берки бүткүл адабияттын түрлөрүн, окуу куралдарын миллиарддаган каражаттарды коротуп, кайрадан басып чыгарабызбы?

Орусча айтканда; целесообразно ли это?

Бир мисал, Англияда жаңы салынган үйгө адегенде жол салынбайт экен деп уктум эле. Үйдүн жашоочулары өздөрүнүн ыңгайына жараша басып, таптап жол кылып алышкандан кийин, асфальттап же бетондоп коюшат экен.

Анын сыңарындай, тамганы унификациялагандын ордуна, грамматикалык эрежелерди эле ылайыкташтырып коюу алда канча оңой эмеспи. Кыскасы, түз бараткан жерден мүдүрүлө бербей эле, тынч эле жашайлычы, урматтуу мамлекеттик тил комиссиясы менен тилчи окумуштуулар.

Дабыт Абдылбары уулу, филология боюнча PhD доктору:

“Э”, “Е” Кытайдагы кыргыздардын алфавитинде кандай жазылат?”

– Кытайдагы кыргыздар арап графикасы негизинде түзүлгөн алфавитти колдонушат. Анын тарыхын 1954-жылга чейин сүрүүгө болот. Алгачкы долбоору болсо 1938-жылы иштелип чыккан (Арабаевдин алипбесин негиз кылган).

1982-жылдан бери үзгүлтүксүз түрдө расмий колдонулуп келет.

Учурда бул графика менен эки гезит, эки адабий журнал жана бир провинциялык радио, төрт оодандык телекөрсөтүү иш алып барат.

Кызылсуу Кыргыз автоном облусундагы 10 миңдеген мекеменин аталыштары жана жер-суу аттары ушул жазуу менен жазылган.

Мектептерде кыргыз тилинде 36 тыбыш, 30 тамга (арап графикасы) бар деп окутулат.

Крилл алфавитинен айырмаланып, “бир тыбыш бир тамга” принцибин жакшы карманган.
Алфавитте “ە/ەە” (кыска жана созулма) эки түрү бар, бирок бирдей жазылат. Созулма үндүүлөрдү болсо кайталап жазуу аркылуу туюнтат.

Мисалы, “ە”бул “э” деп окулат.
Ал эми е [йэ] деш үчүн “يە” (йэ) деп жазылышы керек.
Бир тыбыш бир тамга менен туюнтулган.

Азыр тыбыш менен тамганын айырмасын билбегендер деле “э” эле “э”, “е” эле “е” деп жүрүшөт окшойт.

Абдымамбет Сариев, коомдук ишмер:

“Кириллицадан латынга өтүү башаламандыкка алып келет”

– Бул реформа эмес, бул кыргыз тилин түрк тилине баш ийдирүү аркылуу кыргыздын улуттук иденттүүлүгүн жокко чыгарып, түрктөштүрүүнүн алгачкы кадамы.

Экинчиден, кириллицадан латынга өтүү башаламандыкка алып келет. Эсеп жеткис иш кагаздар, архив документтери ж.б. бардыгы кириллицада. Аларды которуу тозок.

2019-жылы илимпоз Мирсаидов өзбектер латынга өтүп алып, аябай кыйналып атканын айткан эле.

Үчүнчүдөн, түрктөр латын арибин орток тилге эмес өзүлөрүнө ылайыкташтырып, бизди ошого мажбурлап аткандыгында. Кыскасы, латын ариби кыргызга пайда алып келбейт. Келечек муун чет элде көрнөктөрдү жана башкаларды окуй албай кыйналып калбоо үчүн 8-9-класстарга сабак катары киргизсе болот.

“Латын арибине коңшулар өттү, биз эле калдык” деген шылтоо менен акча алгандар тамгаларды түрктөргө ылайыкташтырып, кыргызды жайласа канттик?

Жазгүл Урмамбетова, журналист:

“Кыргыз алиппесине тийбегиле!”

– Кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн акырындык менен жок кылуу аракети жүрүп жаткандай сезилет, эми болсо алиппеден башташты. Бизде тил, маданият, билим берүү жаатындагы бардык көйгөйлөр чечилип бүттү беле? Бала бакчадан, үйдөн балдар менен кыргызча сүйлөбөй калдык!

Кыргыз алиппесине тийбегиле. Тарыхта кыргыз эли бир нече жолу жазуусун алмаштырууга аргасыз болгон: адегенде араб арибин колдонгон, кийин латын графикасына өткөн, ал эми 1940-жылдан тартып кирилл арибин колдонуп келебиз. Жазууну улам-улам өзгөртүү коомго кошумча түйшүк жаратып, тарыхый жана маданий мурастын муундан-муунга өтүшүнө терс таасирин тийгизет.

Алиппени дагы бир жолу өзгөртүүнүн ордуна, кыргыз тилин өнүктүрүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана улуттук маданиятты сактоого көңүл буруу керек.
Кыргыз тилине жана улуттук баалуулуктарыбызга кайра-кайра эксперимент жүргүзүүнү токтотолу. Улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап, өнүктүрөлү.

Азамат Омош, жазуучу:

“Акыркы 100 жылдык тарыхыбызда биздин элдин мээсин үч жолу “сброс” кылды”

– Арипти өзгөртүү – жөн эле тамганы өзгөртүп коюу эмес, бул бүтүндөй бир муунду кайра тарбиялоо. Бүтүндөй бир муундун аң-сезим, акыл-эс, дүйнө таанымын, орусча айтканда “перепрошивкалоо”. Акыркы 100 жылдык тарыхыбызда биздин элдин мээсин үч жолу “сброс” кылды. Бул “сбростун” айынан мен мисалы, эң биринчи чыккан “Эркин-Тоо” гезитин окуй албайм. Ал эми дагы миллиондогон адамдар 1927-жылдан 1940-жылга чейин чыккан китептерди окуй алышпайт. Эң чоң “сброс” 1940-жылы болгон. Ошону менен биз акыркы эле 100 жылдыкта 1940-жылга чейин чыккан китептерди окуй албай калдык.

Ал эми акыркы 30 жылдык тарыхта коңшу Өзбекстан латын арибине өттү да, бир нече ондогон миллион адамдардын мээсин “перепрошивкалады”. А биз талашып жаткан учурдагы алфавиттен “Э, э” тамгасын алып салуу “реформасы” келечек муундун мээсине апгрейд эмес, даунгрейд болот. Себеби алфавиттеги тамгалардын өзгөрүшү миңдеген китептерди кайра жазып чыгуу дегендик. Албетте, биздин экономикалык абалыбыздан келип чыгып, “Манас” баш болгон миңдеген китептер кайра басылып чыкпайт. Бул да улуттун духуна таасир этет.

Сөздү чубай бербей, кыскача айтсам, “э” тамгасын “е” тамгасына өзгөртүү – улуттун душмандарынын, келечекте кыргыздар миңдеген маданий мурасынан ажырасын деген кара санатай адамдын кылар иши.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жүйөсү

Буга чейин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринин айрым жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы укуктук жана практикалык негиздерден улам келип чыкканын билдирип, өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу маселеси “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында көтөрүлгөнүн айткан. Анда бул мыйзам 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынганын жана аталган Конституциялык мыйзамда кыргыз тилинин алфавити жана орфоэпия, орфография эрежелери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилери баса белгиленген.

2004-жылдагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамында Жогорку Кеңеш кыргыз тилинин алфавитин жана орфография эрежелерин бекитери каралган, бирок орфоэпия эрежелери көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан конституциялык Мыйзам кабыл алынгандан кийин орфоэпия эрежесин иштеп чыгып, бекитүү маселеси жаралган.

Бул боюнча филология илимдеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жана кеңешмелер жүргүзүлүп, алардын пикири боюнча алгач орфография эрежесиндеги айрым маселелерди тактап алуу менен орфоэпия эрежелерин иштеп чыгуу максатка ылайыктуу болору сунушталган.

Мындан тышкары, акыркы жылдары мамлекеттик тилди мамлекеттик башкаруу системасында, билим берүүдө, илимде, маалыматтык технологияларда жана жалпы коомдук турмушта колдонуу чөйрөсү кыйла кеңейгенди айтылат.

Ушуга байланыштуу колдонуудагы орфографиялык эрежелерди жаңы мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү, алардын укуктук макамын бекемдөө жана колдонулушунун бирдиктүү укуктук негизин түзүү зарылдыгы келип чыккан.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

17.11.2026
АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

17.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

17.11.2026
Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

17.11.2026
ЖИ шартында жаштарга кандай билим берүү керек?

ЖИ шартында жаштарга кандай билим берүү керек?

17.11.2026
Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

17.11.2026
Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

17.11.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.