Заманбап дүйнөдө эч бир өлкө бүткүл эл аралык коомчулукка өз шартын таңуулай албайт, деп билдирди Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча орун басары Маджид Тахт-Раванчи.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Ирандын мунай тармагына максималдуу басым жасоо саясаты толугу менен ишке ашпай калат. Бул тууралуу Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин саясий маселелер боюнча орун басары Мажид Тахт-Раванчи билдирди.
“Эгер Трамптын администрациясы кайрадан мунай рыногуна максималдуу басым жасоо саясатын жүргүзүүнү чечсе, анда ал албетте, ишке ашпай калат. Азыркы дүйнөдө бир дагы өлкө бүткүл эл аралык коомчулукка шарттарды таңуулай албайт. Ал мурдагы катасын кайталабайт деп үмүттөнөбүз. Анткени натыйжа бирдей болот. Максималдуу басымдын жообу максималдуу каршылык болот», – деди Маджид Тахт-Раванчи Financial Times гезитине берген маегинде.
“Трамптын администрациясы биринчи мөөнөтүндө Иранды сүйлөшүү үстөлүнө алып келе тургандыктарын айткан, бирок андай кыла алышкан жок. Алар кийинки төрт жылда дагы ушундай мамилени кармай алышат, бирок кайра ийгиликсиз болушат, бул акылга сыйбаган иш болот”, – деп кошумчалады дипломат.
16-ноябрда Financial Times гезити Трамп Ак үйгө кайтып келген биринчи күнү мунай экспортуна таасирин тийгизген Иранга каршы жаңы санкцияларды күчөтүү жана киргизүү боюнча буйруктарды чыгарууну пландап жатканын жазды. Бул чара Тегеранды АКШ менен сүйлөшүүлөргө жана өзөктүк программа боюнча жаңы келишим түзүүгө түртүш үчүн колдонулат, деп маалымдайт басылмага булактар.
Wall Street Journal буга чейин Вашингтон менен Тегеран Трамптын экинчи мөөнөтүндө өз ара кастыкка карабастан, акыры дипломатиялык келишимге жетише аларын жазган. Ошол эле маалда гезиттин булактары Трамптын Иранга каршы санкциялык басымын олуттуу түрдө күчөтүп, мунай менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн токтоторун четке каккан жок.
13-ноябрда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Американын жаңы администрациясына Тегеранга кысым көрсөтүүнүн ордуна акылмандык саясатын жүргүзүүнү сунуштады, антпесе АКШ Ислам республикасын кайрадан өзөктүк программасын өнүктүрүү темпин жогорулатууга мажбурлайт жана «максималдуу кысым» Вашингтондун «максималдуу жеңилишине» алып келет.
















