Тажикстандын тышкы иштер министри Ирандын түштүгүндөгү Шираз шаарында болгон террордук актыны чечкиндүү айыптап, мындай деди: «Биз бул кайгылуу окуя эки дос жана бир тууган Иран жана Тажикстан өлкөлөрүнүн мамилесине терс таасирин тийгизбейт деп айта алабыз».
Fars агенттигинин Дүйшөмбү шаарындагы бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, Сирожиддин Мухридин Тажикстандын жарандарынын террордук актыларды жасоого тартылышы тууралуу суроого жооп берип жатып мындай деп билдирди: «Тажикстандын президенти «террорчулардын мекени, улуту, дини жок экендигин так жана туура белгилеген, ошондуктан Шираз шаарынын «Шахчераг» мечитиндеги террордук акт эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизе албайт».
Ал ошондой эле террордук актыдан жабыркаган жарандардын тез арада толук сакайып кетүүсүн тилеп, жакындарын жоготкондорго көңүл айтып, сабыр кылууну суранды.
Сирожидин Мухридин андан ары мындай деп айтты: «Эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый, маданий жалпылыктар жана тыгыз байланыштар бул достукту бузгусу келген кылмышкерлер жана террорчулардын арам оюнан бир топ күчтүү».
Белгилей кетүүчү жагдай, 13-августта Шираз шаарындагы «Шахчераг» мечитине куралчан террорчу кирип келип, имараттын ичиндегилерге ок чыгарган. Террорчунун огунан бир адам каза таап, 8 киши жаракат алган. Кылмышкер дароо кармалган.
Ирандын Фарс провинциясынын башкы соту «Шахчераг» мечитине кол салып, колго түшүрүлгөн негизги террорчу Тажикстандын жараны экенин билдирген. Террорчу алдын ала тергөөдө өзүн Рехматулла Норозов, Тажикстандын жараны деп тааныштырган.
Провинциянын башкы соту Ходжатуль-Ислам ва аль-муслимин Мусави “Имам Заман” күчтөрүнүн аракети менен террордук окуяга тиешеси бар деп шектелген дагы 8 киши кармалганын билдирди.
Былтыр октябрдын аягында ушул эле мечитте теракт болуп, андан 13 адам каза таап, дагы 45 киши жаракат алган.